Педагогика жана психология кафедрасынын тарыхы

Педагогика жана психология кафедрасы

1997-жылы Ош Жогорку Колледжинин базасында “Педагогика” кафедрасы түзүлгөн. Жаңы ачылган кафедраны окутуучу Даминова Инабат эң алгачкылардан болуп жетектеди.

2005-2006-окуу жылында кафедраны п.и.д., профессор Хасанов Т. Х. жетектеген. 2006-жылдын сентябрынан 2010-жылдын сентябрына чейин кайрадан И. Даминова кафедраны жетектеп келди. 2010-жылдын сентябрь айынан 2015-жылдын июнуна чейин  КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Смадиярова Зымырат Акуновна жетектеген. «Педагогика» кафедрасында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2015-жылдын 25-июнунан баштап КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент И. Даминова бекитилген.

2021-жылдын 25-январындагы №07-01. 27/2 буйругунун негизинде кафедра эки кафедрага бөлүнүп “башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу” жана “педагогика жана психология” кафедрасы болуп аталды. Азыркы учурда Ош Мамлекеттик педагогикалык универтетинин Музыкалык-педагогикалык факультетинде “Педагогика жана психология” кафедрасы негизги жана тейлөөчү кафедра катары иштеп жатат.

 

Педагогика жана психология кафедрасы педагогикалык адистиктерди даярдоодо окуу планында каралган төмөнкүдөй дисциплиналарды окушат:

  1. Педагогика
  2. Психология
  3. Педагогикалык жаңы технологиялар
  4. Инклюзивдик билим берүү
  5. Балдарды мектепке даярдоо
  6. Эстетикалык билим берүү
  7. Башталгыч класстын окуучуларынын билимдерин баалоо жана мониторинг. Окуу көндүмдөрүн калыптандыруу.
  8. Адистикке киришүү
  9. Инсанга багытталган окутуу
  10.  Логопедия
  11. Башталгыч класстын мугалимдеринин компетенттүүлүгүн калыптандыруу
  12. Мектепте тарбиялык иштерди уюштуруунун теориясы жана методикасы
  13. Мектепке чейинки билим берүү мазмунунун теориялык негиздери жана 3-6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү
  14. Педагогикалык процессти пландоо жана учетко алуу
  15. Балдардын психологиясы
  16. Үй-бүлө тарбиясында психологиялык мамилелердин ролу
  17. Психоло-педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы жана методдору
  18. Үй-бүлө педагогикасы
  19. Психолого-педагогикалык практикум
  20. Педагогикалык чеберчилик
  21. Мектепке чейинки педагогика

 

Профессордук-окутуучулук курам.

Бүгүнкү күндө кафедрада 22 окутуучу-профессордук курамы эмгектенишет. Анын ичинен 6 илимдин кандидаты, 4 улук окутуучу, 10 окутуучу, 1 көмөкчү психология илиминин кандидаты жана 1 лаборант эмгектенишет.

 

№

Аты-жөнү

Ээлеген кызматы

Адистиги, бүткөн окуу жайы

  1.  

Даминова

Инабаткан

Кафедра башчысы

п.и.к., доцент

ОГПИ 1980-ж Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн  методикасы

Кв:.мугалим

  1.  

Рахматуллаева Манзура

Джалалидиновна

п.и.к., доцент

ОГПИ 1992-ж Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулияты

Кв: Башталгыч класстардын мугалими

  1.  

Кадырова

Турна 

окутуучу

КЖПИ 1975-ж Адистиги: Педагогика жана психология. педагогика методист по дошкольному воспитанию

  1.  

Шербаева

Жыпаргүл

Рахманбердиевна

п.и.к., доцент

Ош МУ 1993-ж Адистиги: “Педагогика

жана башталгыч билим

берүүнүн  методикасы”

Кв.: Баш. класс.мугалими

  1.  

Акматова

Чынара Асановна

п.и.к., доцент

ОВК 1999-ж Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн  методикасы

  1.  

Умарова Рита Нурдиновна

п.и.к., доцент

ОВК  2001-ж Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы

Кв: мугалим

  1.  

Курбаналиева

Гульзира

Жумабаевна

окутуучу

ОГПИ 2007-ж Адистиги: “Педагогика

жана башталгыч билим берүүнүн  методикасы”

Кв: Баш. класс.мугалими

  1.  

Маткасымова Минавар Осмоновна

окутуучу

Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн  педагогикасы 

кв: мугалим

1990-ж

  1.  

Абдулахамидова  Барно Нурмахамедовна

п.и.к., доцент

ОшМУ, 2001-ж. Адистиги: «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн  методикасы”

Кв: Башт. кл. муг.

  1.  

Мамарасулова Элвира Ташмурзаевна

окутуучу

ЖАМУ 2009-ж Башталгыч класстардын мугалими

  1.  

Тарыкчиева Шарипа Бапышевна

улук окутуучу

ОшМУ 2001-ж.

Адистиги: Психолог

  1.  

Ысакова Мавлюда Айтматовна

улук окутуучу

ОшМУ 1999-ж.

Адистиги: Психолог

  1.  

Тогузакова Батма Шерматовна

улук окутуучу

ОГПИ, 2004- ж.

Адистиги: “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы  жана усулу”

Кв:башталгыч класстын мугалими

  1.  

Мурзаканова Гүлшайыр Арыковна

улук окутучу

ОГПИ 2004-ж Башталгыч билим берү педагогикасы жана усулу

  1.  

Жалилова Самара Баймуратовна

окутуучу

 ОшМУ 1999-ж. “Педагогика жана башталгыч билим берүү усулияты”

  1.  

Мамашерип кызы Нуриза

окутуучу

И. Арабаев, 2012-ж Адистиги: “Организатор-методист дошкольного обр-я.”

2015-ж. “Магистр психологии”

  1.  

Заилова Жумагүл Жусупбаевна

окутуучу

ОГПИ 2012-ж. Адистиги: “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу” 

Кв: башталгыч класс мугалими

  1.  

Жаныбекова Эльвира Жаныбековна

окутуучу

ОГПИ (ОшМУ)

1992-ж. Адистиги: Педагогика жана психология (мектепке чейинки)

  1.  

Матисманова Айжамал Үсөновна

окутуучу

ОГПИ 2007-ж. Адистиги: “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы  жана усулу”

Кв:башталгыч класстын мугалими

  1.  

Арапова Тамара Сурапбаевна

окутуучу

ОшМПУ

2023-ж Адистиги: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу

Кв.: магистр

  1.  

Абдымалик кызы Элиза

лаборант

Ош МПУ

2025-ж Адистиги: “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу”

Кв.: магистр

 

2020-2025-жылдардагы окуу-усулдук иштери.

П.и.к., доцент И. Даминова

1. “Кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары  аркылуу башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо”. Монография. 2025-ж.

2. “Ата-энелер мектеби” программасы. (авторлош) Бишкек, 2022-ж.

3. Кыргыз педагогикасы. Энциклопедиялык окуу курал. (авторлош) Бишкек, 2004-ж.

п.и.к., доцент Шербаева Ж. Р.

1. «Жомокторду, уламыштарды окутуунун методикасы». Студент практикант, мугалим-окутуучуларга илимий-усулдук колдонмо. Бишкек, 2022-жыл

2. «Башталгыч класстарда окуп түшүнүүнү калыптандыруу». Студент практикант, мугалим-окутуучуларга илимий-усулдук колдонмо. Бишкек, 2023-жыл

3. «Керемет жомоктор: көрөбүз, угабыз, ойнойбуз». Ош, 2024-жыл

4. «Животные в фигурках» аталышындагы мектепке чейинки курактагы балдарга арналган усулдук колдонмо.  Ош, 2025-жыл

5. «Картинки-развивашки» аталышындагы мектепке чейинки курактагы балдарга арналган усулдук колдонмо. Ош, 2025-жыл

Т. Кадырованын “Мектепке чейинки педагогика” лекциялардын жыйнагы.

Маткасымова М, Рахматуллаева М.Дж. “Балдар бакчасында интеграцияланган сабактарды өткөрүүнүн технологиялары” аттуу усулдук колдонмо.

П.и.к., доцент Акматова Ч.А. ««Адабий окуу» сабагын окутуунун технологиялары (2-3-4-класстардын мисалында)» илимий-усулдук колдонмо. Бишкек, 2022-ж.

Умарова Р.Н. (авторлош) «Кыргыз элинин салттык педагогикалык баалуулуктары”. Монография. Ош, 2024

Рахматуллаева М.Дж. “Дарсдан ташқари таълим-тарбия жараёнида ўқувчиларда эқологик маданиятни шакиллантириш” – монография. Ташкент, 2024.

 

“Педагогикалык дебют” Республикалык ЖОЖдор аралык сынак-фестивалы 5 жыл катары менен окуу жайдын ичинде факультеттер аралык өткөрүлгөн, калган 5 жолу ЖОЖдор аралык масштабда өткөрүлгөн. Негизги максаты студенттердин педагогикалык кесипке болгон умтулуусун жогорулатуу болгон. Окуу жайыбыздын 100 жылдыгына карата “Педагогикалык дебют 2025-10” сынак фестивалы республикадагы ЖОЖдор ортосунда болуп өттү. Сынак фестивалдын максаты педагогикалык адистикке болгон келечектеги педагогдордун педагогикалык ишмердүүлүккө кызыгуусун арттыруу үчүн уюштурулду. Бардык ЖОЖдордон сынак фестивалга катышуу үчүн 72 арыз келип түштү. Сынак фестивалы 3 турда өтүп, 3-турунда 8 катышуучу ат салышты. Сынак фестивалдын жобосу боюнча белгиленген критерийлердин негизинде баардык катышуучуларга алган ордуна ылайыктуу баалуу сыйлыктар тапшырылды.

1-орунду Ош Мамлекеттик универстетин студенти Калыбекова Таңшоола

2-орунду Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти Ташболотова Рабия

3-орунду Талас мамлекеттик универстетинин студенти Акматбек кызы Азима

татыктуу болушту.

Конок лекциялар.

Конок лекцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы проф. Акматали Алимбеков педагогика багытындагы аспиранттар, магистрант, студенттер жана окутуучулар үчүн “Заманбап мугалимдин идеалы” деген темада семинар жана Лектор:Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Мадаминов Гапыр Маматкулович “Студенттердин өз алдынча таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштурууда АЭМди колдонуунун мааниси” деген темада конок лекция өтүштү.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Сакиева Сайипжамал Салайдиновна “Адабий окуу сабагында окутуунун жаңы технологияларын колдонуу ыкмалары” Наманган мамлекеттик педагогикалык университетинен Иномов Дилмирза Дедамирзаевич- педагогика кафедрасынын башчысы “Педагогикадагы  мамилешүүнүн ролу”, Турахонов Умматали Давлатович-Психология кафедрасынын башчысы “Балдардын учурдагы психологиялык өзгөчолүктөрүн эске алуунун мааниси” деген темада конок лекцияларын окушту.

п.и.к., доц. И. Даминова 2024-жылдын 26-октябрында Ош медициналык колледжине “Билимдүү мугалим – билимдүү коом” деген темада конок лекция ѳттү.

п.и.к., доц. И. Даминова 2024-жылдын 12-февралында Лейлек райондук билим берүү борборуна “Элдик педагогикадагы тарбиялоо ыкмалары” деген темада конок лекция ѳттү.

П.и.к., доцент Ч. Акматова 2022-жылы Б. Осмонов атындагы ЖАМУда “Баалоо, баалоонун түрлөрү жана ыкмалары” деген темада конок лекция өттү.

Кафедранын доценти Ч. Акматова окутуучулардын мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 6-май күнү БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык- педагогикалык интитутуна “STEM билим берүү технологиялары”  деген темада конок лекция ѳттү.

п.и.к., доц. Б. Абдулахамидова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде 2024-жылдын 18-декабрында “Окуу-тарбия  процессинде жаш мугалимдерге психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүү” деген темада конок лекция ѳттү.

п.и.к., доц. Б. Абдулахамидова Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетине 2024-жылдын 14-мартында “Кыргызстандын билим берүү системасында жаңы санариптик технологияны колдонуунун мааниси” деген темада конок лекция ѳттү.

Улук окутуучу Г. Мурзаканова  Бат МУнун М. Тайиров атындагы КГПИде 2024-жылдын 25-апрелинде “Окутуу процессинин натыйжаларын аныктоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада конок лекция ѳттү.

Улук окутуучу Г. Мурзаканова 2025-жылдын 10-январында “12 жылдык билим берүүдө сабактарды интеграциялоону колдонуу” аттуу темада Ош шаардык башкармалыгы тарабынан соц. педагогдорго семинар өттү.

Улук окутуучу Г. Мурзаканова 2025-жылдын 10-ноябрында “12 жылдык билим берүүдө сабактарды интеграциялоонун жолдору жана заманбап технологияларды колдонуу” деген темада Ош шаарынын мектептеринин соц. педагогдоруна конок лекция өттү.

п.и.к., доц. Р. Умарова 2024-жылы Баткен мамлекеттик университетинде “Окутуу методдорунун дидактикалык милдеттери” деген темада конок лекция ѳттү.

Мамашерип кызы Нуриза 2024-жылдын 26-ноябрында Ош медициналык колледжинде “Билимдүү мугалим – билимдүү коом” деген темада конок лекция ѳттү.

Мамашерип кызы Нуриза 2024-жылдын 14-февралында БатМУ, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунда “Өзүңө жана башкаларга кам көр” деген темада конок лекция ѳттү.

Улук окутуучу М. Ысакова 2024-жылдын 24-июнунда КР ИИМдин РОБдун Ош шаарындагы филиалында билим алып жаткан талапкерлерге “Инсандагы психикалык касиеттер. Темпераменттин инсандын жүрүм-турумунда чагылдырылышы” деген темада конок лекция ѳттү.

М. Маткасымова 2024-жылдын 26-ноябрында Ош медициналык колледжинде “Билимдүү мугалим – билимдүү коом” деген темада конок лекция ѳттү.

 

2020-2025-жылдардагы илимий-долбоорлор

Педагогика жана психология кафедрасынын доценти Шербаева Жыпаргүл Рахманбердиевна Эл аралык уюмдар менен кызматташуу менен катар бир топ илимий долбоорлорду ишке ашырууда. Атап айтсак: ЮНИСЕФ, GIZ, USAID, АГА ХАН, WORLD BANK GROUP, ЭРАСМУС+КЫРГЫЗСТАН, «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык фонду.

1. Эрасмуз + Кыргызстан Эл аралык уюмдун Жан Монне программасына Adapting EU Environmental Policies and Sustainability Practices to Kyrgyzstan’s Context. (Адаптация экологической политики и практики устойчивого развития ЕС к условиям Кыргызстана) Долбоордун жалпы бюджети: $ 10.500. Жыйынтыгы күтүү этабында.

2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду координациялоону ишке ашыруу бөлүмүнө, Психо-педагогикалык изилдөөлөр жана академиялык программаларды модернизациялоо үчүн «өнүгүү+» инновациялык лабораториясын түзүү. Долбоордун жалпы бюджети: $ 36,782. 18.

Аталган долбоор, экинчи этабында иш алып барылып жатат. Долбоордун түзүүчүлөрү:

Мамашерип к Нуриза

3. AIF Grant. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду координациялоону ишке ашыруу бөлүмүнө, Педагогической Симуляционный центр: «Практика будущего учителя сегодня». Долбоордун жалпы бюджети: $ 189.500. Жыйынтыгы күтүү этабында.

 

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоого даярданууда:

Маткасымова М.О. – 2026-ж.

Заилова Ж.Ж. – 2026-ж.

Мурзаканова Г.А. – 2026-ж.

Курбаналиева Г.Ж. – 2027-ж.

Мамарасулова Э.Т. – 2028-ж.

Жалилова С.Б. – 2028-ж.

Мамашерип кызы Н. – 2028-ж.

Тогузакова Б.Ш. – 2028-ж.

П..и.к., доцент Рахматуллаева М.Дж. – 2026-ж.

П.и.к., доцент Акматова Ч. – 2028-ж.

Матисманова А.О. – 2029-ж.

П.и.к., доцент Умарова Р.Н. – 2028-ж.

 

Эл аралык илимий конференцияларга катышуу жана өткөрүү:

  1. Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМПУ)  2021-жылдын 21-майында: Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында “Окуучу жаштарды  руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене бой жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция.
  2. Кафедра 2021-2022-окуу жылында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене бой жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери” деген аталыштагы Эл аралык практикалык конференция өткөрдү.
  3. 2024-жыл 16-майда факультетте педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун Билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө арналган “Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, Муратовдук окуулар-2” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулду.
  4. 2024 жылдын ноябрь айында  “Келечекке карай” аттуу мугалимдерге арналган экинчи эл аралык КЫРГЫЗ-ОРУС форуму болду. Ал форумга “Педагогика жана психология” кафедрасынын окутуучулары доцент Б.Н. Абдулахамидова, ага окутуучу Ысакова М.А., Мамашерип кызы Нуриза мугалимдерге психологиялык жактан мастер класстарды өтуп, Башкырстан мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору тарабынан ыраазычылык каты менен сыйланышты.
  5. 2025-жылдын март айында, Оштогу Ю.Гагарин аттуу орто мектебинде «Менин балам уникалдуу бала» аттуу ата-энелерге семинар тренинг өтүлдү.
  6. 2025-жылдын апрель айында Оштогу 16 мектепте шаар директорлорунун орун басарлары үчүн «Мугалимге психологиялык педагогикалык жардам» аттуу темада семинар тренинг өтүлдү.
  7. Ушул эле жылдын апрелинде, ОшМПУ да «Жаштардын көйгөйлөрү жана жаңы технологиялар: маданияттын жаңы мүмкүнчүлүктөрү» деген темада студенттердин илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.
  8. А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан, Кыргыз Түрк Манас университетинин колдоосу менен, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан II “Манас”Эл аралык изилдөөлөр конгресси 21-22-ноябрда болуп өттү.

 

Студенттердин регионалдык олимпиадаларга катышуусу.

2024-жылдын майында ОшТУ тарабынан “Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы  университеттер аралык студенттик олимпиадада” педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулары студенттерди даярдап төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү.

Педагогика  жалпы (адистик эмес):

1-орун Сатыбалдиева Женишгул Т (б)-1-21 тайпа студенти жетекчи: п.и.к., доцент Акматова Ч.А.

2-орун. Урматбекова Жибек Ан(к) (б)-1-22тайпасы студенти жетекчиси: п.и.к.,доцент Акматова Ч.А.   

Педагогика атайын (адистик):

1-орун  Медетбек к. Мээрим П(б)-1-21 тайпа студенти, жетекчиси п.и.к., доцент  Акматова  Ч.А                                  

2- орун Мийманали к. Диана П (б)-1-21тайпа студенти,  жетекчиси: п.и.к.,доцент Акматова Ч.А.                                            

 3-орун  Шергазы к. Чынара П(б)-1-21тайпа студенти, жетекчиси:  п.и.к., доцент Даминова И.

Профиль

№

Студенттин аты-жөнү

Тайпасы, курсу

алган орду

Окуткан окутуучулар

  1.  

Жеенбаева Зулайка Токтосуновна

П(б)-1-20, 3-курс

1-орун

п.и.к., доцент Даминова Инабат

  1.  

Амирали кызы Венера

П(б)-1-20, 3-курс

2-орун

п.и.к., доцент Даминова Инабат

  1.  

Балтабаева Айдана Ахбаралиевна

П(б)-1-20, 3-курс

3-орун

п.и.к., доцент Акматова Чынара Асановна

Профиль эмес

№

Студенттин аты-жөнү

Тайпасы, курсу

алган орду

Окуткан окутуучулар

  1.  

Акимова Аяна Арабидиновна

Кт-1-21,

2-курс

1-орун

п.и.к., доцент Умарова Рита Нурдиновна

 

Эл аралык мамилелер:

  1. Кыргыз-Түрк “Манас” университети
  2. Андижан мамлекеттик университети (Өзбекстан)
  3. Шадрин мамлекеттик педагогикалык университет (Россия)
  4. Наманган университети (Өзбекстан)
  5. Бишкек гуманитардык университети
  6. Ош мамлекеттик университети
  7. Жалал-Абад мамлекеттик университети
  8. Баткен мамлекеттик университет