Кафедранын тарыхы
Кафедранын тарыхы окуу жайыбыздын 85 жылдан ашуун тарыхый жолу менен тыгыз байланышта. Ар түрдүү себептерден улам жабылган окуу жайы 1976-жылы кайрадан уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин билим берүү тармагына эң керектүү адистерди даярдап келүүдө.
Түштүк аймагына керектүү кесип ээлерин даярдоо зарылдыгынан улам окуу жай 1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470 Указы менен Ош Жогорку колледжи болуп түзүлүп, натыйжада, кыргыз тили жана адабияты негизги предмет болгондуктан, 1999-жылы 18-августтагы ОЖКнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кафедра болуп түзүлгөн.
1966-76-жылдары кыргыз тили жана орус тили мугалимдери бир секцияда эмгектенишип, секцияны С.И.Кравцева жетектеген. Ал кездеги мугалимдерибиз, эл агартуунун мыктылары К.Касымалиева, Э.Сыдыкова, Г.Акпаралиева, ф.и.к. Б.Эралиевалар азыр ардактуу эс алууда.
1976-жылдан баштап кыргыз тилчилер тобу өзүнчө секция болуп түзүлүп, 1987-жылга чейин К.Касымалиева, 1987-90-жылдары Н.Азылов, 1990-жылдан 2005-жылга чейин «Эл агартуунун отличниги», ага окутуучу Ш.Н.Мондошов , 2005-2006- окуу жылында ф.и.к. Г.Т.Жамгырчиева, 2006-2007- окуу жылында улук окутуучу Н.О.Турганбаев, 2007-2008-жылдары ф.и.к., доцент К.А.Исаков, 2008-2019-жылдар аралыгында улук окутуучу К.Б. Жаанбаева жетектеп келди. Ал эми 2019-2020-окуу жылынын ноябрь айында ОГПИнин Окумуштуулар кеңешинде конкурстук негизде кафедранын башчысы кызматына ф.и.к., доцент Ж.Т. Джумаева шайланган. 2024-2025-окуу жылынын ноябрь айында ОшМПУнун окумуштуулар кеңешинде конкурсттук негизде альтернативалык жол менен ф.и.к., доцент Майрам келдибай кызы шайланды. Учурда кафедраны ф.и.к., доцент Келдибай кызы Майрамкан жетектейт.
Учурда кафедра КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты. 550000 педагогикалык багыт, 550300 филологиялык билим берүү - Академиялык даражасы: бакалавр. - Бишкек – 2015. Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иш алып барат. Кафедра 2012-2013-окуу жылынан тартып 550300- Филологиялык билим берүү багыты бакалавр академиялык даражасы программасынын негизинде кыргыз тили жана адабияты боюнча кадрларды даярдайт.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы өз ишмердүүлүгүндө социалдык –экономикалык жана илимий-техникалык прогресстин талабына ылайык окутууну тынымсыз өркүндөтүү жана кеңири профилдеги адистерди даярдоону алдына максат кылып коет.
КАФЕДРАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 550300 филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили (бакалавр жана магистр) боюнча адистерди даярдайт.
550300 Филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили үчүн негизги билим берүү программасы бакалавр даражасы үчүн, негизги билим берүү программасы магистр квалификациясы үчүн (НББП) иштелип чыкты. Негизги билим берүү программасы аталган профилдеги студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн бардык ишмердүүлүгүн камтыйт. Аталган профилдин бүтүрүүчүлөрү үчүн Бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели бакалавр үчүн , бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели магистрлер үчүн иштелмеси түзүлдү. Анда бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели жөнүндө түшүнүк, аныктама берилип, моделди иштеп чыгуунун негизи, түзүмү, бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсү, бүтүрүүчүдө калыптандырылуучу компетенциялар камтылды.
Кафедранын илимий багыттары
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы - факультеттеги жетектөөчү кафедралардын бири. «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы 1999-жылдан бери билим берүү стандартына толук жооп бере турган жогорку денгээлдеги адистерди даярдоочу кафедралардын катарына кошулган. Жогорку Кесиптик билим берүү бөлүмүнүн программалары боюнча студенттерди, магистранттарды даярдайт.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы – мамлекеттин уңгусун, көрөңгөсүн келечек муунга мурас катары калтыруу үчүн кыргыз тилин жана адабиятын жогорку деңгээлде окутуу максатында чоң жоопкерчилик менен иш алып барат.
Кафедранын негизги максаты – тилдин, адабияттын теориясы, тарыхын сапаттуу окутуу, студенттердин илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалын көтөрүү, илим-изилдөө менен бирге мугалимдин тажрыйбалардын арттырууга жетишүү болуп саналат.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын миссиясы - өз өлкөсүнүн маданиятын, адабиятын, тилин, тарыхын, адеп-ахлагын терен билген жана мекенин кадырлап сүйө турган жогорку кесиптеги адистерди даярдоо, заманбап технологияларды өздөштүрө билген инсандарды тарбиялоо.
Кафедранын илимий багыттары:
1. Кыргыз тилинин жана адабиятынын учурдагы актуалдуу маселелерин илимий негизде теориялык жана практикалык жактан иликтөө.
2. Азыркы адабий процессте болуп жаткан жаңылыктарды, кыргыз адабиятында жарык көргөн көркөм чыгармаларды анализге алуу, аларга карата илимий интерпретация жасоо.
3. Кыргыз тилин жана адабиятын мектептерде, ЖОЖдордо окутуунунун актуалдуу маселелерин, педагогикалык, дидактикалык негиздерин изилдөө
Профессордук-окутуучулук курам
|
№ |
Ф.А.А. |
Туулган жылы, айы, күнү |
Ээлеген кызматы |
Илимий наамы |
Илимий даражасы |
Магистранттар тапш.жылы |
Эмгек стажы |
Качан, кайсы ЖОЖду бүтүргөн (ЖОЖ, жылы) |
Дипломдогу кесиби, № квалификациясы |
|
|
Жалпы |
Ош МПУ |
|||||||||
|
1 |
Мондошов Ш.Н. |
14.08.1958 |
улук окутуучу |
|
П.и.к. ИКД №000547 |
|
50 |
40 |
КМУУ, 1981-жыл |
Филолог-окутуучу 3В061433 |
|
2 |
Жаанбаева К.Б. |
27.02.1961 |
улук окутуучу |
- |
- |
|
43 |
42 |
КМУУ, 1982-жыл |
Филолог-окутуучу 3В064860 |
|
3 |
Миңбаева К.Б. |
08.01.1967
|
доцент |
Доцент
|
П.и.к. ИКД №001836 |
|
36 |
23 |
ОГПИ, 1992-жыл,
|
Кыргыз тили жана адабияты мугалим ТВ135011 |
|
4 |
Токтосунова А.М. |
29.03.1981 |
доцент |
ф.ик., доцент |
Ф.и.к. |
|
21 |
19 |
КМУУ, 2003-жыл |
Филолог-окутуучу МВ 00378 |
|
5 |
Джумаева Ж.Т. |
05.10.1984 |
улук окутуучу |
Доцент
|
Ф.и.к. ИКД №003342 |
|
20 |
18 |
ОшМУ, 2006 |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими 060207036 |
|
6 |
Бакирова Г.С. |
18.11.1988 |
улук окутуучу |
- |
магистр |
Магистр 2014-2016 |
14 |
14 |
ОГПИ, 2011-жыл
|
Кыргыз тили жана адабияты мугалими УМ160244785 |
|
7 |
Оморова Т. |
20.02.1975 |
доцент |
- |
Ф.и.к. ИКД № 002608
|
|
19 |
17 |
ОшМУ, 2006 |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими кошумча журналистика CD 060100002 |
|
8 |
Наркеева А.А. |
14.12.1986 |
улук окутуучу |
- |
магистр |
Магистр 2014-2016 |
16 |
16 |
ОГПИ, 2009-жыл |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими 090199013 |
|
9 |
Көлбаева Г.И. |
09.10.1978 |
улук окутуучу |
- |
магистр |
Магистр 2014-2016 |
24 |
24 |
ОшМУ, 2000-жыл |
Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу ГВ 24420 |
|
10 |
Келдибай к. М. |
30.04.1984 |
доцент |
Доцент |
Ф.и.к. Д.10.11. |
|
16 |
12 |
БГУ 2007 |
Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу 070185576 |
|
11 |
Абдурасулова Р.К. |
05.05.1982 |
улук окутуучу |
- |
|
|
21 |
21 |
ОшМУ 2004-ж |
Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу CD 040180639 |
|
12 |
Орозалиева Т. |
04.08.1987 |
улук окутуучу |
- |
магистр |
Магистр 2014-2016 |
15 |
15 |
ОГПИ 2010 |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими 100280239 |
|
13 |
Танаева Н. |
19.05.1982 |
доцент |
ф.и.к., доцент |
|
|
22 |
20 |
ОшМУ, 2002 |
Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу, СD 040179511 |
|
14 |
Султанова А.А. |
22.09.1977 |
окутуучу |
ф.и.к |
|
|
23 |
11 |
ОшМУ, 1998-жыл |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими ГТ 04700 |
|
15 |
Нажимидинов У. Б. |
24.08.1977 |
окутуучу |
- |
- |
|
21 |
18 |
ОшМУ, 2000-жыл |
Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу ГВ24431 |
|
16 |
Абдибалиев Э. А. |
1985.19.08 |
доцент |
п.и.к., доцент |
|
|
19 |
10 |
Ош МУ, 2009 |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими, №СD 090149209 |
|
17 |
Эшматали к. Б. |
28.03.1996 |
окутуучу |
- |
магистр |
Магистр 2021-2023 |
7 |
5 |
Ош КӨУ, 2017 |
Филологиялык билим берүү (кыргыз тили жана адабияты) № УБ170383138 |
|
18 |
Шамырбекова Айзат Шамырбековна |
31.10.1996 |
лаборант |
|
магистр |
магистр 2019-2021-ж |
8 |
8 |
ОГПИ, 2018-жыл |
Филолог (кыргыз тили жана адабиты) |
КАФЕДРАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 20дан ашуун окуу-усулдук иштер, 100дөн ашуун илимий макалалар, 15тен ашуун окуу китептери даярдалган жана жарык көргөн.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучуларынын билим берүү тармагында кызматы жана жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар берилген:
- КР ББИМнин Ардак грамотасы 3 окутуучуга;
- КР Билим берүү мыктысы 8 окутуучуга;
- Ош шаарынын Ардак грамотасы 10 окутуучуга ыйгарылган,
- КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы 10 окутуучуга;
- КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси 7 окутуучуга;
- КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы 6 окутуучуга;
- “Ош МПУнун эмгек сиңирген кызматкери” төш белгиси 3 окутуучуга.