Кафедранын тарыхы

Окуу жайыбыздын тарыхы узак жана татаал жолду басып өткөн. Ар кандай себептерден улам ал белгилүү мезгилде жабылып, кийин Жалал-Абад шаарына көчүрүлгөн. Алгачкы жылдары окуу жайда белгилүү инсандар — Ж. Бөкөнбаев, Т. Үмөталиев, Ж. Шериев, Б. Апышев жана башкалар билим алышкан.

1966-жылы окуу жай кайра уюшулуп, эл үчүн керектүү адистерди даярдоо ишин жанданткан.
1966–1976-жылдары кыргыз жана орус тил мугалимдери бир секцияда иштеп келишкен. Ал секцияны Р.И. Кравцова жетектеген. Алгачкы окутуучулардын катарында К. Касымалиева, Г. Акпаралиева, Р.И. Кравцова, Э. Сыдыкова — «Эл агартуунун мыктылары», Б. Эралиева — филология илимдеринин кандидаты болгон. Алардын баары азыр ардактуу эс алууда.

1976-жылы кыргыз тилчилер өзүнчө секция катары бөлүнүп чыгып, 1987-жылга чейин К. Касымалиева, 1987–1990-жылдары Н. Азылов, 1990-жылы Ш.Н. Мөндөшов жетекчилик кылышкан.

Түштүк аймакка мугалим адистерин даярдоо зарылдыгынан улам 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №470 Указынын негизинде окуу жай Ош жогорку колледжи болуп түзүлгөн.
1999-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы кайрадан уюштурулган.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-майдагы №316 токтомунун негизинде мурдагы Ош жогорку колледжи Ош гуманитардык-педагогикалык институту (ОГПИ) болуп өзгөртүлгөн.
Ошол эле жылы кыргыз, орус жана англис тилдеринин топтору бириктирилип, Тилдер секциясы түзүлгөн.

2009-жылдын 29-августундагы ОГПИнин Окумуштуулар кеңешинин №16 протоколунун негизинде (Буйрук №07-02.90 §1) тилдер секциясы экиге бөлүнүп, «Мамлекеттик тил» жана «Дүйнөлүк тилдер» кафедралары түзүлгөн.

2018-жылдын 7-майындагы кезексиз Окумуштуулар кеңешинин №7 протоколунун чечими менен (Буйрук №7-01.88 §3) кафедраларды оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик тил кафедрасы менен Башталгыч класстын педагогикасы кафедрасы бириктирилип, «Башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил» кафедрасы болуп түзүлгөн.