Мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын тарыхы Кыргызстандын түштүк аймагында 1925-жылы негизделген Ош педагогикалык окуу жайынын тарыхы менен тыгыз байланышкан.
Бул жылдар аралыгында окуу жайдын статусу бир нече жолу өзгөртүлүп, ага жараша кафедранын аталышы да өзгөрүлүп келген.

«Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү» кафедрасы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин курамында 2005-жылдын 8-февралындагы №07-02.16.8 буйруктун негизинде ачылган.

Педагогикалык окуу жай 1966-жылы Ош шаарында негизделген. Ошол мезгилден тартып колледжде «Педагогика», «Психология», «Музыка», «ИЗО жана ПУМ» сыяктуу секциялар өз алдынча иш алып барышкан.
Башталгыч класстарда окутуу адистигинде бул сабактар усулдук негизде берилгендиктен, алар бириктирилип «Педагогика жана жекече усулдар» секциясы деп аталып калган.

ОшМПУнун Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 27-апрелиндеги №7 токтомунун жана №07-02.69 буйругунун негизинде «Педагогика жана жекече усулдар» секциясына кафедра макамы ыйгарылган.

2016-жылдын 15-сентябрында №07-01.06 буйруктун негизинде кафедра «Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
Кафедраны Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун мыктысы Б.К. Күчүбаева жетектеген.

2018-жылдын 30-майындагы №07.01-95 буйруктун негизинде кафедра кайрадан түзүлүп, азыркы «Мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы» деген аталышта ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Учурда кафедраны Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун мыктысы М.А. Нишанбаева жетектейт.


Кафедранын курамы

Азыркы учурда кафедрада 20 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен:

  • 13 штаттык окутуучу,

  • 6 көмөкчү окутуучу,

  • 1 лаборант.

Мындан тышкары, кафедрада 6 сырткы көмөкчү окутуучу иштейт.
Алардын арасында 1 илимдин кандидаты, 4 магистр, 5 Эл агартуунун мыктысы бар.
Ошондой эле 5 окутуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кафедранын курамында ОшМПУнун ардактуу устаттары:
Р.И. Жусупова, Ш.А. Токтомушева, М.А. Нишанбаева, Ж.А. Тургунбаева эмгектенишет.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын президиуму тарабынан М.А. Нишанбаева жана Ж.А. Тургунбаева «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланышкан.
Ошондой эле Р.И. Жусупова, Ш.А. Токтомушева, М.А. Нишанбаева жана П.А. Садирова Ош шаарынын мэриясынын жана Ош облустук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышкан.

Мындан сырткары, кафедранын айрым окутуучуларына ОшМПУ тарабынан «Эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылган.