Музыкалык билим берүү жана АОУ кафедрасынын башчысы:

Муратов Туратбек Бекиевич

Кафедранын тарыхы

Оштогу педагогикалык окуу жайында (азыркы А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик-педагогикалык университети) 1975-жылы музыкалык бөлүм ачылган. Музыкалык бөлүмдүн ачылышы менен областыбыздагы жалпы билим берүүчү мектептерде «музыка мугалими» деген адистикке даярдоо, ОшМПУнин музыкалык бөлүмүндө  жүргүзүлгөн. Окуу жайдагы  музыкалык секцияны алгачкылардан болуп 1975-жылы Мырсабеков Анашбек Жумалиевич жетектеп, бөлүмгө кыргыз жана орус тайпалары кабыл  алынып окутула баштаган.

       1977-жылдан тартып музыкалык секция бөлүмгө айланып, биринчи бөлүм башчы болуп Б.К.Сагынбаев  дайындалган. Мындан сырткары мыкты адистер иштеп кетишкен: Е.Цитта, Р.Абдулин,Э.Мамышева, А.Ходюков, Л.Бондаренко, Л.Заварзин, А.Патидинов, Г. Исмаилова, М.Бостонкулов, С.Кынатов, Р.Самиев ж.б

     Ал эми ушул музыкалык бөлүмдү бүтүргөн –Токтобүбү Бабашева – Ош МУнун исскуство факультетинин доценти, Темир Жоробеков – илимдин кандидаты, Гүлшайыр Садыбакасова Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, легендарлуу «Кыз бурак» ансамблинин жетекчиси, Оштогу Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын директору болуп эмгектенген.

       Бөлүмдүн башчысы Б.К .Сагынбаев СССРдин элге билим берүү комитети ыйгарган Н.К.Крупская атындагы сыйлыгынын лауреаты, ОшМПУнун доценти.

2005-жылдан тартып март айынан Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунун мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери» улук окутуучу Ормонов Рахматулла Абдырахманович кафедра башчысы болуп иштеди. Ал эми окумуштуулар кеңешинин 2007-жылдын 15-ноябрындагы №2 токтомунун чечиминин негизинде  «Педагогика жана психология» кафедрасындагы психология багытындагы предметтер «Музыкалык предметтер» кафедрасына өткөрүлүп берилип, № 07-02, 123 § 3 буйруктун негизинде  «Музыкалык билим берүү жана психология» кафедрасы деп аталып, кафедра башчысы болуп улук окутуучу Шерматова Назира Төлөновна дайындалды.

  №07-01.91.№3 2017-жылдын 28-04.2017 жылы кафедранын башчысы Шерматова Н.Т. кайрадан шайланган. Ал эми 2018-жылы ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыгып, №07-01.09.№1. 5.10.2018 Абдыразакова Клара Сагынбаевна кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. Буйрук  №07-01.12.№1  2019-жылдын 29-октябрынан кафедранын  сунушу  менен Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде педагогика илиминин кандидаты, доцент Касымбеков  Эркин Аскарбекович шайланып иштеп келген.

  №07-01.34. §4 2021-жылы кафедранын башчысы  Ч.А. Жалилова шайланган. №07-01.12.§16 2022-жылдын 12-октябрынан кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Т.Б Муратов дайындалган. Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде №07-01.57.§4 2023-жылдын 3-мартынан кафедра башчысы Т.Б Муратов шайланган. Азыркы учурда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Музыкалык-педагогикалык факультетиндеги музыкалык билим  берүү  жана аны окутуунун усулу кафедрасы болуп өзгөрүп, кафедра бүтүрүүчү кафедра катары иштеп жатат. Бүгүнкү күндө кафедрада 34 профессордук-окутуучулук курамы эмгектенишет. Алардын ичинде - магистр-6, улук окутуучу-5, окутуучу 11,  көмөкчүлөр жалпы-10. Анын ичинен сырткы көмөкчүлөр-8, сырттан келген көмөкчү наамы бар профессордук окутуучулук курамдын саны-1, ички көмөкчү п.и.к., доцент-1, улук лаборант-1, лаборант-1 эмгектенишүүдө.

Билим берүүнүн мыктысы-7

Маданияттын мыктысы-3

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер – 1

КРнын Эл агартуу отличниги - 1

Сырткы көмөкчү КРнын эмгек сиңирген артисти - 1

Ички көмөкчү п.и.к., доцент – 1

 

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ

№

Аты-жөнү

Ээлеген кызматы

Качан, кайсы ЖОЖду бүтүргөн (ЖОЖ, жылы)

Дипломдогу кесиби, № квалификациясы

1.

Муратов Турат Бекиевич

Кафедра

башчы, окутуучу

1.ОПУ

 1988-ж.

2.ОшГУ 1995-ж.

“Музыкалык тарбиячы”, 

ИТ №146217

“Музыка”

АВ №00160

2.

Усубалиева Жамила

Увалиевна

Окутуучу

ОГПИ

 1973-ж.

 

“Музыка жана ырдоо мугалими”

Щ №368794

3.

Бакиева Гүлжан Абдубаситовна

Улук окутуучу

КЖПИ

1981-ж.

 

“Музыка жана ырдоо мугалими”

ЖВ №257659

4.

Мурзабаева Бусанталатт Буркановна

Окутуучу

КЖПИ

1983-ж.

 

“Музыка жана ырдоо мугалими”

КВ №208475

5.

Касымбеков Бөрүбай Кадырович

Улук окутуучу

ОГПИ

1986-ж.

“Музыка мугалими”

МВ №121852

6.

Маматова Малика

Калиловна

Окутуучу   

КГИИ

1983-ж.

“Музыка мугалими”

КВ№208700

7.

Кадырова  Айнура Насировна

Улук окутуучу

ОГПИ

1991 -ж.

“Музыка мугалими”

№УВ160521295

8.

Маматов Таштемир Арынович

Окутуучу

ОГПИ

1988 -ж.

“Музыка мугалими”

МВ №126757

9.

Мурзакулова Чолпон Алимжановна

Улук окутуучу

ОшМУ

1993 -ж.

“Музыка мугалими”

УВ-1 №168274

10.

Абдыразакова Клара Сагынбаевна

Окутуучу

ОГПИ

2005-ж.

 

“Музыка мугалими музыкалык жетекчи”

№CD051108734

11.

Алпекова Фарида Исамидиновна

Улук окутуучу   

О ГПИ

2010-ж.

“Музыка мугалими”

№CD100282369

12.

Ташматов Куштарбек

Урустамович

Окутуучу

ОГМУ им.Ниязалы

2006-ж.

 

“Жеке ырдоо”

Кв: Үйлөмө аспап

№СС060055685

13.

Акматов Курбанбай Эшимбетович

Окутуучу

ОГПИ

2016-ж.

“Музыка мугалими”

№УБ160203933

14.

Нышанова Аптапкан Дуйшобаевна

Окутуучу

Ош МПУ 1984-ж. Адистиги:” Кыргыз улуттук консервотория 2006-ж

“Музыка жана ырдоо

15.

Эркебаев Таалайбек Алишерович

Окутуучу

К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясы 2020-ж 

“Фольклордук ансамблдин солисти, мугалим”

16.

Абдилатипов Сүйүнтбек Мусаевич

Окутуучу

Ош МПУ 2021-ж

 

“Музыка мугалими” ТБ210110893

17.

Абдиева Наргиза Гуламидиновна  

Окутуучу

Кыргыз Улуттук Консерваториянын Туштук Филиалы

2011-ж.

“Аспаптык аткаруучулук адис окутуучу”

18.

Бакиров Кыялбек Маматмусаевич  

Окутуучу

К.Н.К. им. К.Молдобасанов 2017-ж.

“Эстрадалык музыкалык искусство”

19.

Абдыманап уулу Жанбала

Окутуучу

Ош МУ 2017-ж.

 

“Көркөм билим берүү”

№УБ170246489

20.

Нуриддин уулу Санжарбек

Окутуучу

ОшМПУ 2023-ж.

“Көркөм билим берүү”

 

21.

Сатыбалдиева Айганыш Жанибековна

Окутуучу

ОшМПУ 2023-ж.

“Көркөм билим берүү” УБ№230172015

22.

Осмон уулу Чыракбек

Окутуучу

К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясы  2025-ж

“Оркестрдин (Ансамблдин) артисти, адис окутуучу”

US250133981

23.

Мамасадык кызы Айгерим

Улук  лаборант

ОГПИ

2013-ж.

“География”

Кв: мугалим СD130202200

24.

Найманова Эльвира Доллалыевна

Лаборант

ОГПИ

2019-ж.

“Музыка мугалими”

25.

Касымбеков Эркин Аскарбекович

Көмөкчү  п.и.к., доцент

Ош ТУ 1993-жыл № 001285 ОТД, эмгек жана черченье предметтери боюнча мугалим

26.

Ташматова Гүлжамал Бөрүбаевна

Көмөкчү окутуучу

Адистиги: “Аваздык көркөм өнөр”

Кв: Концерттик ырчы. Вокал сабагынан муг.

27.

Жумабаева Максаткан Кожоевна

Көмөкчү концерт-мейстер

ГВ №26902 Кыргызулуттук консерваториясы

Адистиги : Фортепиано (Музыка)

Кв: музыка муг.

28.

Кудайкулова Нургул Макамбаевна

Көмөкчү окутуучу

Кыргыз улуттук концерваториасынын түштүк филиалын

29.

Отунчиева Токтогүл Абдимиталиповна

Көмөкчү окутуучу

К.У.К 2008-ж. CD080270623 Адистиги:

“Аспаптык аткаруучу”

30.

Абдалиева Наргиза

Турганбаевна

Көмөкчү окутуучу

К.У.К 2011-ж. CD110202551 Адистиги:

“Аспаптык аткаруучулук (бас кыяк)”

31.

Тагайбекова Бүбүайна Апсатаровна

Көмөкчү окутуучу

К.Молдобасанов ат. К.У.К. Түштүк филиалы

УВ140113006 Адистиги:  “Аспаптык аткаруучулук”

32.

Нургазы кызы Рано

Көмөкчү окутуучу

ОшМПУ 2018-ж. ОшМУ 2023-ж.  Адистиги: “Көркөм билим берүү”

33.

Манева Алёна Артуровна

Көмөкчү

концерт-мейстер

ОшМПУ 2024-ж.“Көркөм билим берүү”

УБ№240300861

34.

Наскулова  Хамидахон  Токтомаматовна

Көмөкчү окутуучу

Б.Бейшеналиев атындагы КМИ.И. “Артист адиси”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5 жылдык окутуучулардын көрсөткүчү

2021-2022-окуу жылы - жалпы 28 окутуучу, анын ичинен көмөкчү 8;

2022-2023-окуу жылы - жалпы 28 окутуучу, анын ичинен көмөкчү 6;

2023-2024-окуу жылы - жалпы 25 окутуучу, анын ичинен көмөкчү 5;

2024-2025-окуу жылы - жалпы 30 окутуучу, анын ичинен көмөкчү 8;

2025-2026-окуу жылы - жалпы 34 окутуучу, анын ичинен көмөкчү 10.

 

 

  • Жетишкендиктер

Кафедрада 2021-жылдан тарта окутуучулардан турган “Кербен” фольклордук топ түзүлүп ийгиликтүү иш алып барууда. Жетекчиси - КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Д. Нышанова. Мындан сырткары  Хор коллективинин  жетекчиси - доцент, СССРдин "Крупская" атындагы сыйлыктын лауреаты Сагынбаев Б .К. Спорт клубунун жетекчиси Мурзакулова Ч.А. Ош МПУнун бардык маданий - массалык иш чараларында, чет элден, шериктеш мамлекеттерден келген конокторду тосуп алууда кафедранын-хор коллективи, фольклордук тобу, студенттерден турган ыр- бий топтору жана ошондой эле профессионалдуу аткаруучу окутуучулар өз эмгектерин көрсөтүп иштеп келишет.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан “Достук-2022” аттуу Бишкек шаарында өтүлүүчү  хор  искусствосунун республикалык кароо-сынак фестивалына окутуучулар жана студенттер барып, катышып III даражадагы диплом жана 70 000 (жетимиш миң)сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

2023-жылда кафедранын 11 окутуучусу  Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна  барып, өз квалификациясын жогорулатуу менен тажрыйба алмашып, 144 сааттык окуу курсунан өтүштү.

Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн “Сармерден-2023” кароо сынагына катышып, жакшы ийгиктерге жетиштик. ОшМПУ менен Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы жарышып, ОшМПУ биринчи орунду багындырды.

ОшМУнун Искусство факультети менен таймашып Достук жеңди, мындан сырткары ыраазычылык баракча 165000сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

21-25-май Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер С.Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор жамааттары арасында өтүүчү II республикалык кароо-сынак фестивалында музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын  студенттер хору III орунду ээлеп, диплом жана 60 000сом акчалай сыйлыктарын багындырдык. Ошондой эле хор жамааттын жетекчиси  Баяман Сагынбаев аталган фестивалдын "Мыкты хормейстри" наамы менен ал эми концертмейстр Максаткан Жумабаева "Мыкты концертмейстр" наамы жана 10 000сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Кафедранын окутуучусу Эркебаев Таалай Алишерович Бишкек шаарында өткөн ырчы-аткаруучу жана комузчулардын арасындагы Республикалык кароо сынагында жеңүүчү деп табылып, баш байгеге ээ болуп, диплом жана 40 000 (кырк миң) миң өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланып келди. Аталган кароо-сынак Атай Огомбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине карата уюштурулган. Конкурста Муса Баетовдун “Ойгоном” аттуу чыгармасын аткарган.   

Окутуучулар өз билимин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу программалар менен тектеш чет өлкөлөргө стажировкаларга барып турушат. 2024-жылда «Россия федерациясы» тарабынан уюштурулган, 13 мамлекеттин катышуусундагы “РуссСвет” аттуу фестивальга Ош шаарындагы “Русский Домдун” чакыруусу менен, ОшМПУнун сунуштамасы менен, тажрыйба алмашуу үчүн окутуучуларыбыз Таалайбек Эркебаев жана Кыялбек Бакиров Москва шаарына барып, активдүү катышып, катышуучу деген дипломдорду алышты.

  • Эл аралык мамилелер:

ОшМПУ Өзбекстандын Экономика жана педагогика университети менен кызматташтык келишимин түзүп, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен түзүлгөн делегация  ЖОЖдор аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында Өзбекстандын Экономика жана педагогика университетине барды. Иш сапарда окутуучулар аталган окуу жайдын тиешелүү адистиктерине мобилдүүлүк программасынын алкагында даярдалган атайын конок – лекцияларды өтүп беришти. Мындан сырткары  заманбап билим жана тажрыйба алмашуу процессин мындан ары өнүктүрүү максатында факультет жетекчилери өз ара кызматташуу меморандумдарына кол коюшту.     

  • Конок лекциялар

   2022-жылы окуу жайыбызга Кыргыз искусствосунда булбул үндүү опера ырчысы, КРнын эл артисти-Дарика Жалгасынова  жана кызы пианистка Бермет Жалгасынова окуу жайдын окутуучулары жана студенттери үчүн  мастер-класс өтүп берди. Кафедранын вокалисттери-Ч.А.Жалилова, Г.Б.Ташматова, К.Ташматов жана Т.Эркебаевдер эжекенин мыкты чыгармаларын жогорку деңгээлде аткарып берди.

Кафедранын окутуучуларына жана студенттерге арналган семинар болуп өттү. Семинарды билим берүү боюнча эл аралык эксперт Жумабек Дуйшеналиев өттү. Окуу курсунда билим берүүнүн мамлекеттик жана предметтик стандарттары, компотенттүүлүктөр, окутуунун методологиясы жана технологиясы деген теманын алкагында болду.

 “Комуз чертүүдөгү техникалар, позициялар, күүлөнүштөр” деген темада конок лекция. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын окутуучусу, «Акак» комузчулар ансамблинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси, эл аралык Түрксой уюмунун медалдарын ээси, профессор Суеркулова Ирини Балтабаевнадан мастер класс болуп өттү.

           Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан 2024-жылдын апрел айында уюштурулган  КРнын мамданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун мыктысы, композитор Соорбек Кынатов менен жолугушуу болуп өтүү. Конок – лекция “Хордогу вокалдык навыктар жана дирижирлөөнүн ыкмалары” аталышында болуп өттү. Обончу  “Тынчтык керек”, “Кар жаады, кар жаады, бакыт жаады”, “Сүйүү бар кыздардын да жүрөгү бар” , “Апама”  жана башка бир топ белгилүү чыгармалардын автору.

  2025-жылда ОшМПУнун музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасында чет элдик лекторлор менен онлайн форматта конок лекция уюштурулду. Магистранттар, студенттер жана окутуучулар И.Я.Яковлев атындагы Чувашия мамлекеттик педагогикалык университетин, көркөм билим берүү жана музыкалык факультетинин деканы, п.и.к., доцент Бакшаева Елена Владимировна жана ушул эле университеттин окутуучусу п.и.к., доцент Павлова Елена Владимировна менен онлайн форматта "конок лекция" өткөрүлдү. Лекцияда макала жазуунун ыкмалары, электрондук китепканалар ( elibrary.ru , cyberleninka.ru ) жөнүндө жана аларды колдонуу жолдору боюнча маалымат берилди.

  • Студенттердин Республикалык жана эл аралык фестивалдарга катышуусу:

Университеттин Эл аралык аренада отуздан ашуун алыскы жана жакынкы жогорку окуу жайлар  менен алака түзүп, улам жаңы кызматташууларды ишке ашырууда. 2021- жылы Екатеринбург шаарындагы Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөрүлгөн “Интелект будущего” конкурсуна кафедранын улук окутуучусу Ч.А. Мурзакулова студенти Каныбек кызы Болдуканды катыштырып 1-орунга ээ болушкан.

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш чарага активдүү катышып, өз өнөрүн мыкты көрсөткөндүгү үчүн  М(б)-1-19 тайпасынын студенти Бураев Тынарбек “Мактоо баракчасы” менен сыйланды.

Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоого жана жайылтууга арналган “Салттуу музыка Жумалыгы” жана “Достук” фестивалын өткөрүүдө жигердүү артыкчылыгы үчүн М(б)-1-19 тайпасынын студенттери Абдыкаримов Нурсултан, Бураев Тынарбек “Алкыш барагы” менен сыйланды.

Кафедранын М(б)-1-21 тайпасынын студенти Манапова Зарина  Русский дом тарабынан уюштурулган 8-эл аралык романсияда конукурсуна катышып, ийгилик жаратты. Аттокурова Арууке ОшМУнун 85 жылдыгына уюштурулган "Алтын үн" кароо-сынагына катышып Ардак грамотага ээ болду. Аттокурова Жамийла "Нарктуу үй-бүлөлүк педагогика" аттуу конференцияга катышып сертификатка ээ болду.             

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Ала-Тоо жазы-2025” фестивалы болуп өттү. Сынак  К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өттү.  Мында өлкөнүн 7 облусунан келген 20дан ашуун окуу жайлардын таланттары катышты. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери  да өз өнөрлөрүн тартуулады. Натыйжада кафедранын М(б)-1-23 тайпасынын студенти Жанболот Токтосунов автордук ыр жанры боюнча финалдык баскычка жолдомо алды. М(б)-1-21 тайпасынын студенттери Бакир уулу Батыр жана Манапова Зариналар катышып сертификаттарга ээ болду.

Университеттин Эл аралык аренада отуздан ашуун алыскы жана жакынкы жогорку окуу жайлар  менен алака түзүп, улам жаңы кызматташууларды ишке ашырууда. 2021- жылы Екатеринбург шаарындагы Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөрүлгөн “Интелект будущего” конкурсуна кафедранын улук окутуучусу Ч.А. Мурзакулова студенти Каныбек кызы Болдуканды катыштырып 1-орунга ээ болушкан.