КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ
Орус тили жана адабияты кафедрасы 1997-жылы Ош жогорку колледжинин, андан кийин 2002-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна айландырылгандан кийин (18.05.2002-ж. 316-проб.) Орус тили жана адабияты кафедрасы түптөлгөн. Кыргыз-орус факультети, 2003-жылы октябрда түзүлгөн.
2003-2006-жылдары кафедраны чоң эмгек стажы бар тажрыйбалуу окутуучу Караева Рахима Кадыркуловна жетектеген.
2006-2008-жылдары кафедра башчы болуп Кайназарова Айдын Папановна иштеген.
2008-2009-жылдары кафедраны филология илимдеринин кандидаты , доцент Бекмухамедова Неля Хамитовна жетектеген.
2009-2019-жылдары кафедра башчысы болуп Мурзалиева Жамиля Жумабаевна иштеген .
2019-жылдан азыркы учурга чейин кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.К. Торошов жетектеп келет.
Кафедра негизделгенден бери ар кандай деңгээлдеги жогорку окуу жайлардын билим берүү жана кесиптик программаларын ишке ашыруу аркылуу инсандын жана коомдун маданий-агартуу муктаждыктарын канааттандырууга умтулуп келет. Анын иши «Билим берүү жөнүндө мыйзамдын» жана «Жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын» директивалык документтерине негизделген. Кафедранын ишмердүүлүгү окуу, илимий, усулдук жана окуу процессин жаңылоо, болочок адистердин билим сапатын жогорулатуу боюнча келечектүү программага негизделген.
Кафедранын максаты төмөндөгүлөр болуп саналат:
- мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- чыгармачылык атмосфераны жана ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү;
- биздин коомдун руханий-адептик климатына активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү орус тили жана адабияты боюнча заманбап адисти даярдоо;
- студенттердин үзгүлтүксүз билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүдө
Бүгүнкү күндө кафедра 14 мугалимди – орус тили жана адабияты боюнча адистерди бириктирип турат: Караева Р.К., Торошов Т.К., Матисаева Б.А., Сатыбалдиев М.М., Мурзалиева Ж.Ж., Жаныбекова Ш.А., Тиллабаева Ж.Ж., Сабирова В.К., Бекмухамедова Н.Х., Ибрагимова С., Арыкбаева Ч.А., Жусупбаева М.М., Жамшитова Г.Ж., Адинаев Ш.А.
Илимдин доктору – 2, педагогика илимдеринин кандидаты – 2, филология илимдеринин кандидаты - 1, улук окутуучу – 3, мугалим – 6, лаборант – 1.
Орус тили жана адабияты кафедрасынын структурасы.
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||
|
||||||||||||||||