Экономика жана социалдык иштер кафедрасы жөнүндө маалымат
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Экономика жана социалдык иштер» кафедрасында 2023-жылдын 26-декабрында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын орун басары Орунбаев Н.К., ОАО «Айыл Банк» кредиттик бөлүмүнүн башчысы Токтосунова Н.Н., Ош шаардык кыймыл таянычы чектелген балдар реабилитациялоо борборунун башчысы Миңдибаева Ж. жана башка коноктор катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМПУнун миссиясы менен тааныштыруу, даярдалып жаткан финансы жана социалдык иштер адистигинин окуу планындагы окутула турган предметтердин эмгек рыногундагы актуалдуулугу жана зарылчылыгы боюнча талкуу жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу абалы тууралуу маалымат алуу жана туруктуу байланышта болуу болуп саналат.