“Дүйнөлүк тилдер” кафедрасы жөнүндө маалымат
Колледж бөлүмүнүн “Дүйнөлүк тилдер” кафедрасынын окутуучулары “Кесиптик багыт берүү” ишине активдүү катышууда.
Кесиптик багыт берүүнүн негизги максаттары:
-
Орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик өзүн-өзү аныктоо маселелеринде жардам көрсөтүү;
-
Эмгек рыногунда алардын маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын эске алуу менен техникалык жана педагогикалык кесиптерди өз алдынча жана негиздүү тандоого көмөктөшүү.
Кесиптик багыт берүү мезгилинде окуу профилин тандоо боюнча туура чечим кабыл алуу жана аныктоо максатында топтук жана жеке консультациялар өткөрүлдү.
Ошондой эле, орто билим берүү мекемелеринин 9–11-классынын окуучулары менен жолугушуулар уюштурулду.
2023–2024-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кесипке багыт берүү жана аларды окуу жайга тартуу иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн окутуучуларды аймактарга бөлүштүрүүнүн графиги иштелип чыккан.