ЖАРЫЯ

А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети төмөнкү кызмат орундарына конкурс жарыялайт

№

Кызмат орундун аталышы

 

Кызмат орундун саны

1.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу

1

2.

Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу

1

3.

Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу

1

4.

Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучусу

1

5.

Табигый илимдер кафедрасынын улук окутуучусу

1

6.

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын улук окутуучусу

1

7.

Орус тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу

1

8.

Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасынын башчысы

1

9.

Жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу кафедрасынын башчысы

1

10.

Табигый илимдер кафедрасынын башчысы

 

1

11.

Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы

1

 

Кафедра башчысы кызмат орду  үчүн талап кылынуучу документтер:

  1. Ректордун наамына жазылган арыз.
  2. Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен).
  3. Резюме.
  4. Мурдагы иштеген жеринен мүнөздөмө-жолдомо.
  5. Жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, окуу-методикалык куралдардын тизмеси.
  6. Нотариус аркылуу же иштеген жеринде кадрдык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн, сыйлыктарынын, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү.

 

Кафедранын улук окутуучусу кызматы үчүн талап кылынуучу документтер:

  1. Ректордун наамына жазылган арыз
  2. Резюме
  3. Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен)
  4. Билими, окумуштуулук наамы жана илимий даражасы жөнүндөгү дипломдордун көчүрмөсү
  5. Жарык  көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси
  6. Жарык көргөн илимий, усулдук эмгектердин көчүрмөсү
  7. Кафедранын отурумунун протоколунан көчүрмө
  8. Факультеттин кеңешинин протоколунан көчүрмө
  9. Эмгек китепчесинен көчүрмө.

 

Конкурска арыз берүү мөөнөтү жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) ай.

Байланыш үчүн телефон: 0777 74 79 50.