ОшМПУда англис тили мугалимдери үчүн методикалык тренинг өткөрүлдү
22–23-январь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде англис тилин окутуунун заманбап усулдарына арналган эки күндүк методикалык тренинг уюштурулду.
Иш-чарага гуманитардык факультетинин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана колледждин дүйнөлүк тилдер (чет тили) кафедрасынын окутуучулары катышты. Тренингди Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары, Kg TESOL ассоциациясынын тренерлери Мукадас Ташиева, Гүлбарчын Эргешова, Космира Исакова, Миргүл Исакова, Хулкарай Абдрахманова жана Гулрух Маматкасымовалар өтүштү.
Саамалык “Social-Emotional Learning: Activity Types and Adaptation to TESOL Classes”, “Fun Critical Thinking Activities” жана “Inclusive Education” темаларын камтып, анын алкагында англис тили сабактарында социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү, сынчыл ой жүгүртүүнү арттыруу жана инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу жолдору талкууланды.
Методикалык тренинг теориялык маалыматтар менен практикалык көнүгүүлөрдү айкалыштырган форматта өтүп, катышуучулар заманбап окутуу ыкмалары, дифференцияланган сабак уюштуруу жана интерактивдүү технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алышты. Иш-чара окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, инновациялык ыкмаларды сабакка киргизүүгө жана жогорку окуу жайлар ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталып, жыйынтыгында катышуучулар Kg TESOL сертификатына ээ болушту.
Жаңы комментарий кошуу