ERASMUS KA171 – University Chieti-Pescara: “Evaluation of the Project – Central Asia – Region 6”
Эл аралык долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, университеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана биология менен химия тармактарында заманбап билим берүү моделдерин киргизүүгө багытталган
Бул долбоор университеттин глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышын күчөтүүгө, англис тилиндеги адистик даярдыкты өнүктүрүүгө жана университеттин эл аралык рейтинги менен академиялык абалын жакшыртууга чоң салым кошот.
Долбоор төмөнкү багыттарда иш алып барат:
• профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруу,
• окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү,
• биргелешкен илимий-методикалык иштерди жүргүзүү,
• эл аралык тажрыйба алмашуу процесстерин жолго коюу сыяктуу маанилүү иш-чараларды алып барууда.
Долбоордун координатору катары биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучусу Г.А. Сагынбаева иш алып барат
“Келечек үчүн билим берүү” долбоору
Кыргыз Республикасынын Агартуу минстрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында республика боюнча мектептин мугалимдерине “Санариптик сабаттуулук” (“Билим берүү процессинде МКТны колдонуунун артыкчылыктар”) деген долбоордо ИжЖМТ кафедрасынын окутуучулары А.Орозбаева жана А.Ырысбаевалар тренер болуп иштешти.
Долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Долбоордун максат жана милдеттери мамлекеттин билим берүү тармагындагы саясатына түздөн-түз байланыштуу жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына шайкеш келет.
“Ош шаарынын жашыл зоналарындагы дарак жана бадалдар флорасынын экологиялык абалын изилдөө” долбоору
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланат. Долбоордун жетекчиси: б.и.к., доцент Абсатаров Р.Р.
Изилдөө 2024-жылдан баштап Ош шаарындагы жашыл зоналарындагы дарак жана бадалдар флорасынын экологиялык абалын изилдөө долбоорунун алкагында жүргүзүлүп келүүдө.
Изилдөө усулдары: Аналитикалык, талаа эксперименталдык, токой чарбасынын, токой селекциясынын жана токой таксациясынын жалпы кабыл алынган изилдөө усулдары, экспедициялык жана маршруттук изилдөөлөр ошондой эле фенологиялык байкоолор.
Изилдөөнүн мөөнөтү: 2024-2025-2026-жылдар.
Негизги максат: Шаардын жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык абалына баа берүү эсептелет.
Изилдөөнүн милдеттери:
• Ош шаарындагы жашыл зоналардын так эсебин алуу алардын аянттарын тактоо;
• Шаардын түрдүү жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын түрлөрүн изилдөө, таксациялык маалыматтарын түзүп чыгуу (дарактардын жана бадалдардын жашын жана курамын аныктоо);
• Жашыл зоналардагы дарак жана бадал флорасынын биоэкологиясын изилдөө, шаар шартындагы жашоо абалына жана морфометрикалык параметрлерине баа берүү;
• Дарактардын жана бадалдардын өсүү жана өнүгүү деңгээлин баалоо;
• Дарактар менен бадалдар арасында зыянкечтердин жана илдеттердин болушун жана таралышын изилдөө, аларга каршы күрөшүүдө коопсуз биологиялык ыкмаларды пайдаланууну практикалоо;
• Жашыл аймактардагы топурактын жана абанын булганышынын деңгээлин аныктоо.
• Бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык абалына шаардык чөйрөнүн, ызы-чуу, эмиссия жана температура сыяктуу факторлордун таасирин баалоо.
• Шаардын жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды, сунуштарды жана Ош шаарын көрктөндүрүү жана реконструкция жумуштарында пайдаланууга илимий негиздеме иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн объекттери: Ош шаарынын жашыл зоналары
Күтүлүүчү натыйжалар. Шаардын жашыл аймактарындагы дарак жана бадал флорасынын экологиялык абалын изилдөөнүн күтүлгөн натыйжалары төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1. Шаардын жашыл аймактарындагы дарак жана бадал түрлөрүнүн көп түрдүүлүгүн аныктоо;
2. Ош шаарындагы жашыл аймактардагы дарак жана бадал флорасынын экологиялык абалы, анын ичинде илдеттерден жана зыянкечтерден жабыркоосуна баа берүү;
3. Бак-дарактардын жана бадалдардын айлана-чөйрөнүн уулуу заттары менен булгануу деңгээлин изилдөө, мисалы, автомобилдик газдар жана башка эмиссиялар;
4. Бак-дарактар жана бадалдар өскөн топурактын сапатын, анын ичинде азыктык жана уулуу заттардын курамын талдоо;
5. Ош шааарынын жашыл аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун баалоо, анын ичинде дарак жана бадал өсүмдүктөрдү карап багууга болгон сунуштардын жыйындысы жана аларга кам көрүү боюнча иш чаралардын комплекси;
6. Дарак жана бадалдардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө айлана-чөйрөнүн таасирин, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнүн жана башка экологиялык факторлордун таасирлерин аныктоо;
7. Дарактардын жана бадалдардын курт-кумурскалар, канаттуулар жана башка жаныбарлар сыяктуу башка организмдер менен өз ара байланышын изилдөө;
8. Ош шаарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык ролуна баа берүү;
9. Шаардын жашыл аймактарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды, анын ичинде бак-дарактарды жана бадалдарды карап багуу, ошондой эле жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн күтүлгөн натыйжалары шаардын жашыл аймактарынын экологиялык абалын коргоо жана жакшыртуу боюнча программаларды иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле өсүмдүктөрдү багуу жана жерди пайдаланууну пландаштыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз боло алат.
Илимий изилдөөнүн жыйынтыктары менен жашыл зоналарды түзүү жана күтүү төмөнкүлөргө өбөлгө болот:
• шаар тургундарынын жаратылыш менен өз ара аракеттенүүсү үчүн адекваттуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
• шаар шарттарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана колдоо;
• абанын булганышы жана ызы-чуу сыяктуу экологиялык коркунучтарды азайтуу; экстремалдык аба ырайынын кесепеттерин жумшартуу (жылуулук толкундары, катуу нөшөр, суу ташкындары ж.б.);
• шаар турмушунун сапатын жакшыртуу;
• жашоочулардын ден соолугунун жана жыргалчылыгынын деңгээлин жогорулатуу.