АРТЫКОВА ЖЫЛДЫЗ АБДИСАЛАМОВНА
+996773697044 | artykjyldyz@gmail.com | Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
үй бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун энеси
1. БИЛИМ ЖАНА ИЛИМИЙ ПРОФИЛЬ
- Ош мамлекеттик университетинин “математика жана информатика мугалими” жогорку билими жөнүндөгү диплому, 2001-ж.
- Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош шаарындагы филиалынын “социалдык чөйрөдөгү менеджмент” кайра даярдоо диплому, 2015-ж.
- Физика-математика илимдеринин кандидаты, 2014-ж.
- “Математика” адистиги боюнча доцент, 2025-ж.
- 50дөн ашуун илимий макаланын, 3 окуу-усулдук колдонмонун автору,
1 электрондук окуу-усулдук колдонмонун автору
- ORCID https://orcid.org/0009-0005-6513-9366
- Web of Science https://www.webofscience.com/wos/author/record/ДЖПА-6302-2023
- Scopus https://www.scopus.com/authid/detail.url?authorId=57245248400
- Math-Net https://www.mathnet.ru/rus/person41650
2. КЕСИПТИК ПРОФИЛЬ
- Жогорку кесиптик билим берүү, илим жана академиялык башкаруу тармагында 25 жылдык тажрыйбага ээ: социалдык жана тарбия иштери, коомчулук менен иштөө, жогорку билим берүүнү стратегиялык пландаштыруу, академиялык жана институционалдык өнүктүрүү, билим берүүнүн сапатын камсыздоо, санариптик трансформация
- Жалпы мектептик билим берүү тармагында 10 жылдан ашуун эксперттик тажрыйбага ээ: STEM-билим берүү, көп тилдүү билим берүү, предметтик стандарттарды жана окуу китептерин иштеп чыгуу жана экспертизалоо
- Мамлекеттик жана эл аралык билим берүү долбоорлорунда улуттук эксперт, координатор, консультант жана тренер катары 10 жылдан ашуун иш тажрыйбасына ээ.
- Педагогдордун кесиптик потенциалын жогорулатуу багытында 10 жылдан ашуун тажрыйба топтогон.
3. ИШ ТАЖРЫЙБА
10.2026 – азыркы учурга чейин. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору
08.2026 – 10.2026. Улук илимий кызматкер. КРдин Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту
04.2026 – азыркы учурга чейин. Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин коомдук кеңешчиси
01.2025 – азыркы учурга чейин. Предметтик стандарттарды жана окуу китептерин кайра кароо боюнча улуттук эксперт. КРдин Агартуу министрлигинин алдындагы АБРдин «Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорун аткаруу бөлүмү
09.2024 – 01.2025. Академиялык иштер жана билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын начальниги, Ош мамлекеттик университети
08.2023 – 09.2024. Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо департаментинин директору
12.2020 – 08.2023 Студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, Ош мамлекеттик университети
02.2020 – 12.2020. Социалдык жана тарбия департаментинин директору, Ош мамлекеттик университети
09.2015 – 11.2019. Директор. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту, Ош мамлекеттик университети
10.2010 – 09.2015. Декандын илим жана тышкы байланыштар боюнча орун басары, Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2010 – 09.2015. Окумуштуулар кеңешинин катчысы. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2004 – 10.2010. Аялдар кеңешинин төрайымы. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
11.2014 – 01.2025. Доцент. Ош мамлекеттик университетинин Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы
11.2010 – 11.2014. Улук окутуучу. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2001 – 11.2010. Окутуучу. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин Информатика кафедрасы
4. НЕГИЗГИ КОМПЕТЕНЦИЯЛАР
- Академиялык жана стратегиялык башкаруу
- Билим берүүнүн сапатын камсыздоо
- Университеттин локалдык ченемдик актыларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү
- Жогорку кесиптик жана мектептик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык камсыздоо
- STEM-билим берүү жана билим берүү инновациялары
- Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, үзгүлтүксуз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруу жана жүргүзүү
- Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
- Тарбиялык жана социалдык иштерди уюштуруу
- Коомчулук менен иштөө
- Долбоорду башкаруу
- Долбоордук жана эл аралык кызматташтык
- Билим берүү багытында эксперттик жана тренердик ишмердүүлүк
5. ТИЛДЕР ЖАНА САНАРИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР
- Кыргыз тили – эне тили
- Орус тили – эркин деңгээлде
- Англис тили – орто деңгээл (Intermediate, B1)
- Санариптик билим берүү технологиялары
- Жасалма интеллект инструменттери
- Онлайн окутуу платформалары
- Офис жана маалыматтарды иштетүү программалары
- Веб-технологиялар жана программалоонун негиздери
6. ЭЛ АРАЛЫК КЕСИПТИК ТАЖРЫЙБА
- Кытай Эл Республикасы, Шанхай | 2025 – Шанхай Нормал университети, ЮНЕСКОнун Silk Road and Shanghai Educational Exchange программасы; STEM мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу.
- Кытай Эл Республикасы, Сиань | 2024 – Сиань чет тилдер университетинде «ЖОЖдордогу академиялык мобилдүүлүк» багыты боюнча стажировка
- Кытай Эл Республикасы, Үрүмчү | 2024 — Синьцзян педагогикалык университетинде «ЖОЖдордогу академиялык мобилдүүлүк» багыты боюнча стажировка.
- Өзбекстан, Нукус | 2023 — Мухаммад аль-Хорезми атындагы математика боюнча эл аралык олимпиадада калыстар тобунун мүчөсү.
- Индия, Дели | 2019–2020 – Centre for Development of Advanced Computing (C-DAC), ITEC программасы; Big Data Analytics боюнча 240 сааттык адистештирилген окуу курсу.
- Өзбекстан, Фергана | 2019 – Фергана мамлекеттик университетинде «Аралыктан билим берүү технологиялары» боюнча конок лектор.
- Россия Федерациясы, Москва | 2019 – Москва мамлекеттик педагогикалык институтунда илимий стажировка.
- Россия Федерациясы, Тольятти | 2019 – Тольятти мамлекеттик университетинде мектептик билим берүү үчүн математика боюнча окуу китептерин иштеп чыгуу маселелерине арналган педагогикалык устакана.
- Польша, Вроцлав | 2017 – европалык билим берүү стандарттарына ылайык ЖОЖдордо академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу боюнча 72 сааттык тажрыйба алмашуу программасы.
- Казакстан, Шымкент | 2017 – орто мектептерде CLIL методикасын колдонуу боюнча мугалимдер үчүн семинар өткөрүү.
- Казакстан, Астана | 2016 – «ЖОЖдо бакалавриат деңгээлинде көп тилдүү педагогду даярдоо: ОшМУнун мисалында» эл аралык конференциясында баяндама жасоо.
- Казакстан, Алматы | 2016 – көп тилдүү билим берүүнү уюштуруу боюнча мектептерде тажрыйба алмашуу жана мастер-класс өткөрүү.
- АКШ, Түндүк Каролина | 2015 – Open World программасынын алкагында «Аялдарды илимге жана техникага тартуу» багыты боюнча техникалык билим берүү мекемелеринде тажрыйба алмашуу.
7. СЫЙЛЫКТАР ЖАНА КЕСИПТИК ТААНЫЛУУ
- «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси, КРдин Билим берүү жана илим министрлиги, 2023-ж.
- «КРдин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси, 2023-ж.
- Ардак грамота, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, 2022-ж.
- Ош шаарынын мэринин Ардак грамоталары, 2019-ж., 2021-ж.
- КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2017-ж.
- Ош мамлекеттик университетинин Алкышы, 2012-ж.
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамоталары, 2001-, 2005-, 2006-жж.