АРТЫКОВА ЖЫЛДЫЗ АБДИСАЛАМОВНА
+996773697044  |  artykjyldyz@gmail.com  |  Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
үй бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун энеси

 

1. БИЛИМ ЖАНА ИЛИМИЙ ПРОФИЛЬ
-    Ош мамлекеттик университетинин “математика жана информатика мугалими” жогорку билими жөнүндөгү диплому, 2001-ж.
-    Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош шаарындагы филиалынын “социалдык чөйрөдөгү менеджмент” кайра даярдоо диплому, 2015-ж.
-    Физика-математика илимдеринин кандидаты, 2014-ж.
-    “Математика” адистиги боюнча доцент, 2025-ж. 
-    50дөн ашуун илимий макаланын, 3 окуу-усулдук колдонмонун автору, 
1 электрондук окуу-усулдук колдонмонун автору
-    ORCID              
https://orcid.org/0009-0005-6513-9366    
-    Web of Science  
https://www.webofscience.com/wos/author/record/ДЖПА-6302-2023   
-    Scopus              
https://www.scopus.com/authid/detail.url?authorId=57245248400     
-    Math-Net          
https://www.mathnet.ru/rus/person41650


2. КЕСИПТИК ПРОФИЛЬ
-    Жогорку кесиптик билим берүү, илим жана академиялык башкаруу тармагында 25 жылдык тажрыйбага ээ: социалдык жана тарбия иштери, коомчулук менен иштөө, жогорку билим берүүнү стратегиялык пландаштыруу, академиялык жана институционалдык өнүктүрүү, билим берүүнүн сапатын камсыздоо, санариптик трансформация
-    Жалпы мектептик билим берүү тармагында 10 жылдан ашуун эксперттик тажрыйбага ээ: STEM-билим берүү, көп тилдүү билим берүү, предметтик стандарттарды жана окуу китептерин иштеп чыгуу жана экспертизалоо 
-    Мамлекеттик жана эл аралык билим берүү долбоорлорунда улуттук эксперт, координатор, консультант жана тренер катары 10 жылдан ашуун иш тажрыйбасына ээ. 
-    Педагогдордун кесиптик потенциалын жогорулатуу багытында 10 жылдан ашуун тажрыйба топтогон. 


3. ИШ ТАЖРЫЙБА
10.2026 – азыркы учурга чейин. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору
08.2026 – 10.2026. Улук илимий кызматкер. КРдин Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту
04.2026 – азыркы учурга чейин. Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин коомдук кеңешчиси
01.2025 – азыркы учурга чейин. Предметтик стандарттарды жана окуу китептерин кайра кароо боюнча улуттук эксперт. КРдин Агартуу министрлигинин алдындагы АБРдин «Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорун аткаруу бөлүмү
09.2024 – 01.2025. Академиялык иштер жана билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын начальниги, Ош мамлекеттик университети
08.2023 – 09.2024. Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо департаментинин директору
12.2020 – 08.2023 Студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, Ош мамлекеттик университети
02.2020 – 12.2020. Социалдык жана тарбия департаментинин директору, Ош мамлекеттик университети
09.2015 – 11.2019. Директор. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту, Ош мамлекеттик университети
10.2010 – 09.2015. Декандын илим жана тышкы байланыштар боюнча орун басары, Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2010 – 09.2015. Окумуштуулар кеңешинин катчысы. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2004 – 10.2010. Аялдар кеңешинин төрайымы. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
11.2014 – 01.2025. Доцент. Ош мамлекеттик университетинин Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы
11.2010 – 11.2014. Улук окутуучу. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультети
09.2001 – 11.2010. Окутуучу. Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин Информатика кафедрасы


4. НЕГИЗГИ КОМПЕТЕНЦИЯЛАР
-    Академиялык жана стратегиялык башкаруу
-    Билим берүүнүн сапатын камсыздоо 
-    Университеттин локалдык ченемдик актыларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү
-    Жогорку кесиптик жана мектептик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык камсыздоо 
-    STEM-билим берүү жана билим берүү инновациялары 
-    Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, үзгүлтүксуз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруу жана жүргүзүү
-    Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү 
-    Тарбиялык жана социалдык иштерди уюштуруу
-    Коомчулук менен иштөө
-    Долбоорду башкаруу
-    Долбоордук жана эл аралык кызматташтык 
-    Билим берүү багытында эксперттик жана тренердик ишмердүүлүк


5. ТИЛДЕР ЖАНА САНАРИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР
-    Кыргыз тили – эне тили
-    Орус тили – эркин деңгээлде
-    Англис тили – орто деңгээл (Intermediate, B1)
-    Санариптик билим берүү технологиялары 
-    Жасалма интеллект инструменттери 
-    Онлайн окутуу платформалары 
-    Офис жана маалыматтарды иштетүү программалары 
-    Веб-технологиялар жана программалоонун негиздери


6. ЭЛ АРАЛЫК КЕСИПТИК ТАЖРЫЙБА
-    Кытай Эл Республикасы, Шанхай | 2025 – Шанхай Нормал университети, ЮНЕСКОнун Silk Road and Shanghai Educational Exchange программасы; STEM мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу.
-    Кытай Эл Республикасы, Сиань | 2024 – Сиань чет тилдер университетинде «ЖОЖдордогу академиялык мобилдүүлүк» багыты боюнча стажировка 
-    Кытай Эл Республикасы, Үрүмчү | 2024 — Синьцзян педагогикалык университетинде «ЖОЖдордогу академиялык мобилдүүлүк» багыты боюнча стажировка.
-    Өзбекстан, Нукус | 2023 — Мухаммад аль-Хорезми атындагы математика боюнча эл аралык олимпиадада калыстар тобунун мүчөсү.
-    Индия, Дели | 2019–2020 – Centre for Development of Advanced Computing (C-DAC), ITEC программасы; Big Data Analytics боюнча 240 сааттык адистештирилген окуу курсу.
-    Өзбекстан, Фергана | 2019 – Фергана мамлекеттик университетинде «Аралыктан билим берүү технологиялары» боюнча конок лектор.
-    Россия Федерациясы, Москва | 2019 – Москва мамлекеттик педагогикалык институтунда илимий стажировка.
-    Россия Федерациясы, Тольятти | 2019 – Тольятти мамлекеттик университетинде мектептик билим берүү үчүн математика боюнча окуу китептерин иштеп чыгуу маселелерине арналган педагогикалык устакана.
-    Польша, Вроцлав | 2017 – европалык билим берүү стандарттарына ылайык ЖОЖдордо академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу боюнча 72 сааттык тажрыйба алмашуу программасы.
-    Казакстан, Шымкент | 2017 – орто мектептерде CLIL методикасын колдонуу боюнча мугалимдер үчүн семинар өткөрүү.
-    Казакстан, Астана | 2016 – «ЖОЖдо бакалавриат деңгээлинде көп тилдүү педагогду даярдоо: ОшМУнун мисалында» эл аралык конференциясында баяндама жасоо.
-    Казакстан, Алматы | 2016 – көп тилдүү билим берүүнү уюштуруу боюнча мектептерде тажрыйба алмашуу жана мастер-класс өткөрүү.
-    АКШ, Түндүк Каролина | 2015 – Open World программасынын алкагында «Аялдарды илимге жана техникага тартуу» багыты боюнча техникалык билим берүү мекемелеринде тажрыйба алмашуу.


7. СЫЙЛЫКТАР ЖАНА КЕСИПТИК ТААНЫЛУУ
-    «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси, КРдин Билим берүү жана илим министрлиги, 2023-ж.
-    «КРдин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси, 2023-ж.
-    Ардак грамота, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, 2022-ж.
-    Ош шаарынын мэринин Ардак грамоталары, 2019-ж., 2021-ж.
-    КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2017-ж.
-    Ош мамлекеттик университетинин Алкышы, 2012-ж.
-    Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамоталары, 2001-, 2005-, 2006-жж.