ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

 

КИТЕПКАНАНЫН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Кыргызстандагы алгачкы окуу жайларынан болгон ОГПИнин китепкана бөлүмүнүн тарыхы 1925 –жылы түштүктө биринчилерден болуп ачылган окуу жайдын тарыхы менен түздөн-түз байланышта. Окуу жайда алгач педагогикалык багыттагы курстар ачылып, педагог адистерди даярдоодо зарыл болгон окуу-усулдук адабияттар топтолуп, кийинчерээк китепкана ачылып, андагы китептер орус,кыргыз жана өзбек тилдеринде болгон.

1970-жылдарда бир гана китепкана ачылып, алгачкы китепканачы болуп Байчороева Зулфия иштеген. Китеп фонду 15000 ден ашуун даананы түзгөн.1970-жылдардын аягында китеп фондунун өскөндүгүнө байланыштуу,2 китепкана,1 окуу залы ачылып,анда 3 китепканачы,1 китепкана башчысы эмгектенишкен. Китепкананы ТоктомамбетоваСалима жетектеген.

2004-2005-жылдардагы жалпы китеп фондун 75000ден ашуун китеп түзгөн.

Бүгүнкү күндө ОШМПУнун китепкана бөлүмүн Каралаева Карамат жетектейт.Жалпы материалдык техникалык базасы өсүп өүгүү жолунда. Учурда окуу жайда 3 китепкана, 3 окуу залы,1 электрондук китепкана иштейт.Жалпы китеп фонду 110331 даана китепти түзөт. Китепканада учурда сегиз кызматкер иштейт.

ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Педагогикалык адистерди даярдоодо китепкананын орду өзгөчө мааниге ээ. Университеттин китепканасы билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп, студенттер, окутуучулар жана изденүүчүлөрдү керектүү адабияттар менен камсыз кылып келет. Китепканада кыргыз жана дүйнөлүк илимий, методикалык, көркөм жана энциклопедиялык адабияттардын бай фондусу топтолгон. Айрыкча педагогикалык жана филологиялык багыттагы окуу куралдары, илимий изилдөөлөр жана практикалык колдонмолор студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого чоң өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, китепкана тарых, психология, социология, философия сыяктуу коомдук илимдер боюнча да бай маалымат булагына ээ.

Учурда университеттин китепканасында 8 кызматкер эмгектенип, аны эл агартуунун мыктысы Каралаева Карамат Жолболдуевна жетектеп келет. Университеттин тарыхы менен кошо китепкана тарыхы да бир кылымдык мезгилде түптөлүп, жаңыланып, кеңейип, өнүгүп келе жатат. Тактап айтканда, китепкананын ишмердиги заманбап талаптарга ылайык өнүгүүдө. Электрондук маалымат базалары жана санариптик фонддор түзүлүп, студенттер менен окутуучулар интернет аркылуу керектүү булактарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Бүгүнкү күндө китепкананын жалпы фонду 110 240 миң даана китеп, 21 миңден ашуун электрондук адабияттардан турат. Университеттин студенттери, профессордук-окутуучулук курам, аспирант, магистранттар, илим изденүүчүлөр үчүн 3 абономент, 3 окуу залы, 1 илимий зал кызмат көрсөтөт.

2013-жылы унивеситеттин китепканасы автоматташтырылган бирдиктүү ИРБИС программасына мүчөлүккө катталган. Учурда китепкана фондундагы 30 000ден ашуун китеп автоматташтырылган ИРБИС-64 системасына киргизилип, электрондук каталогдор менен иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды. 2023-жылдан тарта китепкана кызматкерлеринин демилгеси менен университетте эмгектенген илимпоздордун автореферат, диссертациялары, монографиялар, илимий-усулдук колдонмолорун чогултуп, атайын илимий зал уюштурулган. Бул залдан студенттер, магистрант, аспиранттар, окутуучулар кызыгуу менен пайдаланып келишет.

Университеттин миссиясы – сапаттуу педагогдорду даярдоо болсо, китепкана ушул милдетти аткарууда башкы таяныч болуп саналат. Университеттин  китепканасы – билим берүүнүн сапатын көтөрүүчү, окурмандардын маданий деңгээлин байытууучу жана илимий изилдөөлөргө булак болгон негизги борборлордун бири.

 

КИТЕПКАНАЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

Өздөрүнүн ишмердигинде китепканалар ушул мыйзамда белгиленген граждандардын укуктарын жүзөгө ашырат. Китепканалар китепканадан пайдалануучуларды өздөрүнүн уставдарына, китепканалардан пайдалануу эрежелерине жана колдонуудагы мыйзамга ылайык тейлейт.

Китепкана фондуларына эркин кирүүгө, ошондой эле окурмандардын суроо-талаптары, китепканалардан пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды пайдалануу, бул маалыматтар илимий максаттар үчүн жана китепканалык тейлөөнү уюштуруу үчүн пайдаланылгандан башка учурларда китепканадан пайдалануучулардын укугун чектеген мамлекеттик же башка ар кандай цензурага жол берилбейт.

Толук же жарым жартылай бюджеттик каржылоодо турган китепканалар өздөрүнүн иш-аракеттеринде коомдо татаалдашып бара жаткан идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүктү чагылдырышат.

Өздөрүнүн фонддорунда тарыхый-маданий мурас объектилерине таандык өзгөчө маанилүү басылмалары жана коллекциялары бар китепканалар алардын тарыхый-маданий мурастардын бөлүктөрү катары каттоодон өтүүсүн, алардын жыйымдык каталогдорунун өз учурунда эсепке алынуусу үчүн жоопкерчилик тартышат жана алардын сакталышын, ошондой эле алардын маданияттын мамлекеттик сактоо жана өнүгүү программаларынын чегиндеги автоматташтырылган маалымат базаларына киргизилишин камсыз кылат.

Китепканалар колдонуудагы мыйзамда жана китепканаларды түзүү документтеринде каралгандай өздөрүнүн түзүүчүлөрүнүн жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын алдында отчет берүүгө милдеттүү.

Маалыматтык санариптик кызматтарды көрсөтүү.