ОКУУ БӨЛҮМҮ

 

Окуу бөлүмүн Ош МПУнун ректорунун 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 07-01.06 §1 буйругунун негизинде педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абдибалиев Эмилбек Абдыбаитович жетектеп келет. 

Бөлүмдүн  курамына бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, усулчу, адис жана инженер-программист кирет.

Окуу бөлүмүнүн иштөөсүнүн негизги максаты – Ош МПУнун миссиясына, стратегиялык максаттарына ылайык, университетте окуу процессин уюштуруу, көзөмөлдөө, башкаруу жана жакшыртуу.

Окуу бөлүмү бүгүнкү күндө билим берүү процессинде санариптик платформаларды: электрондук документ жүргүзүү, электрондук журнал, студенттин жеке кабинети, окутуучунун жеке кабинети, академиялык кредиттик технологияны колдонуу менен окуу процессин уюштурууну жөндөө ж.б. электрондук ресурстарды Ош МПУнун электрондук билим берүү порталы аркылуу жүргүзүп, көзөмөлдөп келет. Окуу процессин уюштуруудагы мындай ачык-айкындуулук, электрондук иш башкаруу жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө күчтүү атаандаштыкка шайкеш келүү менен академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылууга жол ачат.

Бөлүм өзүнүн ишинде жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын негизинде университеттин бардык түзүмдүк бөлүмүндөрү менен өз ара аракеттенет.

 

Бөлүмдүн негизги милдеттери:

  • Базалык окуу пландарын, жумушчу окуу пландарын, кафедралардын окуу жүктөмдөрүн жана штаттык жадыбалдарды жакшыртуу системаларын иштеп чыгуу;
  • Университетте окуу процессин уюштуруу жана сабактар өтүлүүчү аудиториялык фондунун мониторингин түзүү, факультеттердин жана кафедралардын окуу-усулдук иштеринде жаралган көйгөйлөр, маселелер боюнча кеңештерди берүү;
  • Окуу иштерин уюштурууда жана негизги билим берүү программаларына лицензия алууда, аккредитациядан өткөрүүдө окуу жайдын тийиштүү бөлүм башчыларына кеңеш берүү.

 

Бөлүм өз ишмердигин жүргүзүүдө төмөнкү документтерди жетекчиликке алат:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Тиешелүү маселерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары;
  • Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Уставы;
  • Тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу университеттин локалдык жоболору, ректордун буйруктары, Окуумуштуулар кеңешинин, Административдик кеңештин чечимдери;
  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктап турган кызматтык көрсөтмөлөр, университет менен кызматкерлер ортосунда түзүлгөн эмгек келишими.

           

БӨЛҮМДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ:

Окуу бөлүмүнүн башчысы:

Абдибалиев Эмилбек Абдыбаитович

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 117-каана

Телефон: 0772347909

Е-mail: emil.osh2012@mail.ru

 

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси:

Турсунбаева Нурмира Султаналиевна

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 117-каана

Телефон: 0773078981

Е-mail: nurmira86@gmail.com

 

Окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:

Аматова Нурайым Кенжебаевна

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 118-каана

Телефон: 0706095201

Е-mail: Amatova.1986@bk.ru

Окуу бөлүмүнүн адиси:

Гапарова Гүлаим Икрамовна

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 118-каана

Телефон: 0553620307

Е-mail: gaparova8282@mail.ru

 

Окуу бөлүмүнүн усулчусу:

Абдыкадырова Айсулуу Мусаевна

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 118-каана

Телефон: 0773982740

Е-mail: aisab2303@gmail.com

 

Окуу бөлүмүнүн инженер-программисти:

Шаилдаева Айгүл

Байланыштар:

Дареги: Н.Исанов көчөсү 73а, 117-каана

Телефон: 0779620161

Е-mail: shaildaevaaigul@gmail.com