БӨЛҮМДҮН  ТАРЫХЫ

   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан   А.Ж. Мырсабеков атынындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтуна Аспирантура бөлүмүн  ачуу жөнүндө  2017-жылдын  12-май күнү  №582/1  буйругу чыккан.   Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында жана 1995-жылдын 9-ноябрындагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын № 8/с/с-3/2 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык  кадрларды  даярдоо жөнүндөгү Жобонун 35-пунктуна ылайык аспирантура бөлүмү ачылган. 

      Илим жана аспирантура бөлүмүн  соц.и.к., доцент Маткаримов Н.Т. жетектеген. 2017-жылы  декабрь айында педагогикалык багыттагы адистиктер боюнча келишимдик негизде  сырттан  окуу  бөлүмүнө алгачкы аспиранттар  кабыл алынган. 2018-жылы сентябрь айында аталган бөлүмдү тарых илимдеринин кандидаты, доцент Осмонов С.Ж. жетектеген.

       2020-жылы  1-сентябрда  Аспирантура жана магистратура бөлүмү болуп кайрадан  өзгөртүлүп  түзүлгөн.  2020-жылдын 1-октябрынан тартып  аталган  бөлүмдү  тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сагынбай к. Нурила жетектеп келүүдө.

  Аспирантурада  2024-жылдын 21-февралда  Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин №268/1 буйругунун негизинде төмөндөгү илимий адистиктерге билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укук берилген:

  • 13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
  • 13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу (билим берүүнүн деңгээли жана тармагы боюнча);
  •  13.00.08 –Кесиптик билими берүүнүн теориясы жана усулу;
  • 10.02.01– Кыргыз тили;
  • 10.01.01. – Кыргыз адабияты;
  • 10.02.20 – Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана тектештирме тил илимдери;
  • 10.02.06 – Түрк тилдер;
  • 03.02.01 –Ботаника;
  • 03.02.04 – Зоология;
  • 03.02.08 – Экология (тармактар боюнча)
  • 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы;
  • 07.00.07 – Этнография, этнология жана антропология;
  • 25.00.36 – Геоэкология;
  • 25.00.23 – Физикалык география жана биогеография, топурак географиясы жана ландшафттык геохимия.

  Бүгүнкү күндө аспирантурада  63 аспирант билим алат, анын ичинен күндүзгү окуу формасында   17, сырттан окуу формасы боюнча 36 аспирант илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.

 

МАГИСТРАТУРА

          Магистратура бул белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

       Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   2021-жылдын  29-мартындагы  №335/1   буйругунун негизинде кесиптик билим берүү программалары боюнча  төмөндөгү магистердик программанын багыттары ачылган:

  • 550200 – Физика-математикалык  билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү; 
  • 550700 – Педагогика; 
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;   
  • 550100 – Табигый илимий  билим берүү;
  • 550600 – Көркөм билим берүү;
  • 540200 – Социалдык иш.

     Магистердик  программа боюнча  күндүзгү окуу формасы 2 жыл, ал эми  сырттан окуу үчүн  2,5 жылды түзѳт,  окутуунун  формасы  келишимдик негизде  жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндѳ аталган бѳлүмдѳ  жалпы  496 магистрант окуйт, анын ичинен 205и сырттан, 291 күндүзгү окуу формасында окуп,  илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.

     Жыл сайын салттуу түрдө жылына 2 жолу  университетте жаш окумуштуулардын жана аспиранттардын,  магистранттардын жана студенттердин аймактык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт. 

     Илимий-изилдөө иштерине жигердүү катышкан, аспиранттар, магистранттар жана студенттер баяндама презентацияларды жасашат, эң мыкты илимий макалалар  ОшМПУнун Жарчысына жарыкка чыгарылат.

       Студенттердин жана магистранттардын илимий-изилдөө иштери илимдин түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлүп келет,  магистранттардын илимий долбоорлорду аткаруу жумуштарына тартылган.

АСПИРАНТУРАНЫН  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

      Аспирантура - бул илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги формасы болуп эсептелет.

       Аспирантура бѳлүмү  аспиранттардын илимий-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ  жетекчилик  кылуу менен алардын иштерин  координациялоо максатында уюштуруп, илимий-педагогикалык адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу ишинде ѳзгѳчѳчѳ мааниге ээ.

Аспирантурада тѳмѳндѳгү негизги  милдеттер ишке ашырылат:

  • Аспиранттардын жана изилденүүчүлѳрдүн жалпы ишмердүүлүгүн  координациялайт,  кѳзѳмѳлгѳ алат;
  • Илимий-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ илимий-практикалык конференция жана семинар-тренигдерди уюштуруп  ѳткѳрүүгѳ шарт түзѳт;
  • Илимий  стажировкалар, тажрыйба алмашуу,  чыгармачылык эс алуу сыяктуу  илимий  иш-чараларды иштеп чыгат;
  • Илимий-изилдѳѳлѳрү жыйынтыкталган аспиранттардын жана изилденүүчүлѳрдүн документтерин коргоо үчүн атайын диссертациялык Кеңешке даярдайт,  сунуш кылат.

Аспирантурада  окуу күндүзгү жана сырттан окуу формаларында жүргүзүлөт.

 

МАГИСТРАТУРА

        Магистратура бул белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

Даярдоонун  багыты  боюнча  ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган  адистерди  жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын  окутуп үйрѳтѳт.

          Магистратурада  педагогикалык багыттагы  адистерди  кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер)  менен биргеликте  негизги кесиптик билим берүү  программасынын  негизинде,  жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын  мазмунуна ылайык  даярдалат.

      Магистратура  – бул  бакалавр же адис даражасынан кийинки билим берүү процессиндеги жогорку даража болуп эсептелинет.  

      Магистрлердин  кесиптик  иш  аракеттери тѳмѳнкүлѳр:

  • Уюштуруучулук - башкаруучулук;
  • Маалыматтык - аналитикалык;
  • Илимий - педагогикалык;
  • Илимий - изилдѳѳчүлүк;
  • Долбоорлоо.
  • Инновациялык.

   Магистердик даража  – аспирантурага ѳтүүгѳ жана ѳз кесиби боюнча иштѳѳгѳ укук бере турган толук жогорку кесиптик билим берүүнүн академиялык даражасы болуп эсептелет.

      

   Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялары: 

    КРнын ББжИМ 2021-жылдын   29-мартындагы  №335/1   буйругуна ылайык,  Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде,                           2021-жылдын 29-мартындагы №7/1 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  алынган.  2022-жылы 19-июлунда  КР ББжИМнин №1454/1 буйругуна ылайык                     2022-жылдын    18-июлундагы №14/5 протоколунун  негизинде, 2023-жылдын 13-апрелиндеги 1901/1 буйругуна ылайык КР ББжИМнин лицензиялоо боюнча Кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги №5-1 протоколунун негизинде кошумча лицензия берилген. 

  Магистердик  билим берүү программасынын  багыттары (адистиктери) жана магистранттардын жалпы контингенти 

 

№

Шифр

Багыттын

(адистиктин)

аталышы

Магистратурада  

окуган магистранттардын

саны

 
 

1.

550700

Педагогика (магистр)

 

158

 

2.

550200

Филологиялык билим берүү (магистр)

 

165

 

3.

550200

Физика-математикалык билим берүү (магистр)

 

 

81

 

4.

550400

Социалдык-экономикалык билим берүү (магистр)

31

 

5.

550100

Табигый илимий билим берүү (магистр)

 

41

 

6.

550600

Кѳркѳм билим берүү (магистр)

 

20

 

 

Жалпы:

 

496

 

   

 

МАГИСТРАТУРАНЫН УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК БАЗАСЫ

    2025-2026-окуу жылында аткарыла турган  иштер:

  • Ош мамлекеттик педагигикалык университетинде  магистратуранын  жобосу бекитилип, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдѳ;
  • Магистратурада практикалардын ѳткѳрүү боюнча жобо иштелип, аткарылууда;
  • Магистердик программанын багыттары боюнча практиканын күндѳлүгү даярдалып, бекитилди.
  • ОшМПУнун магистратурасында окуу процессин окутуунун кредиттик технологияларынын (ECTS) негизинде уюштуруу жөнүндө жобосу иштелип чыкты.
  • Магистердик (диссертацияны) ишти жазуу  боюнча жобо жана методикалык көрсөтмө иштелип, аткарылууда.
  • Магистратуранын стратегиялык беш жылдык иш планы иштелип, аткарылууда.
  • Магистердик   программанын багыттары боюнча  ар бир магистрантка иш план даярдалып, илимий изилдѳѳ иштерин жүргүзүүдѳ.

2025-2026-окуу жылдарында укуктук-ченемдик жана окуу методикалык базасы боюнча даярдалган  иштер:

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын                     21-сентябрдагы №1578/1 буйругунун негизинде Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын   магистердик программанын багыттары  боюнча  окуу пландары үч тилде  (кыргыз, орус, англис тили) даярдалып  түзүлдү.
  •  2025-2026-окуу жылы үчүн  магистранттарды кабыл алуу эрежеси иштелип чыкты.
  • Магистратурадагы жалпы илимий жана кесиптик бөлүктөгү ар бир дисциплина боюнча жумушчу программалар, силлабус окуу программасы, УМК иштелип, AVN порталына кигизилди.
  • Магистратурадагы жалпы илимий жана кесиптик бөлүктөгү ар бир дисциплина боюнча методикалык колдонмолор жана тесттердин варианттары  иштелип чыкты.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ИШ ПЛАНДАР:

  • Илимий практикалык конференцияларга магистранттарды катыштыруу;
  • Магистранттар үчүн долбоордук иш чараларды уюштуруу жана өткѳрүү;
  • Мобилдүүлүк боюнча башка  жогорку окуу жайлардын магистратура бѳлүмдѳрү  менен байланыш түзүп тажрыйба алмаштыруу;
  • Кызыкдар тараптар жумуш берүүчүлөр, ата-энелер жана магистранттар  менен тегерек стол уюштуруу;
  • Магистранттар жана аспиранттар үчүн  илимий практикалык конференцияларды уюштуруу жана  өткөрүү;
  • Эл аралык стратегиялык кызматташууну магистердик программанын багыттары боюнча өнүктүрүү;
  • Магистратурада  педагогикалык  магистердик багыттар  боюнча дистанттык окуу формасын ачуу.

МААЛЫМАТТЫК  ЖАНА УЮШТУРУУЧУЛУК ИШТЕР

  • “Маалыматтык-байланыштык  технологиялардын негизинде жалпы жана үзгүлтүксүз билим берүүнү  өнүктүрүүнүн улуттук программасынын Концепциясынын»  негизинде  магистратурада  билим берүү  жана окутуу процессиндеги аткарылган иш чаралар, жаңылыктар, илимий конференциялар    массалык-маалымат каражаттары  аркылуу  үзгүлтүксүз  чагылдырылып  турат. 
  • Магистратурадагы  кесипке багыт берүү иштери социалдык тармактар жана телеканалдар аркылуу коомчулукка жеткирүү жагы колго алынган.
  • Магистердик программанын багыттары боюнча магистранттардын  даректери жана окуу маалыматынын базасы түзүлөт;
  • Магистранттардын  билим сапатынын  окуу көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүлөт;
  • Магистранттар менен системалуу түрдө кураторлор жыйналыш  өткөрүп турушат.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Магистранттар өз алдынча ишин аткаруу үчүн китепканадан, интернет борборунан пайдаланышат. Магистранттар  илимий жетекчилери менен биргеликте илимий  изилдөөлөрдү жүргүзүп  түрдүү  конференцияларга баяндамалары менен катышып келишет.

     ОшМПУда  жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде катталган жана ар кандай булактардан каржыланган, кафедралардын темаларына  ылайык кафедраларда жүргүзүлгөн фундаменталдык  жана коомдук-гуманитардык изилдөөлөр;
  • илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий долбоорлорду ишке ашыруу;
  • илимий иш-чараларды (конференциялар, семинарлар, тегерек столдор ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү;
  • “Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору” аркылуу студенттердин, магистранттардын долбоор менен иштөө, илимий изилдөөгө болгон кызыкчылыгын өнүктүрүү.
  • Университеттин базасында түзүлгѳн илимий изилдѳѳ борборлорунда магистранттардын илимий иштерин практикалоону жайылтуу.