УНИВЕРСИТЕТТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети бүгүнкү күндө кылымдык тажрыйбаны арттырган жана билим берүүнүн бардык баскычтарын басып өткөн окуу жай катары кызмат көрсөтүүдө. Бул менен бирге учурдагы улам тез өнүгүп жаткан замандын талабын кабылдап, жаңы технология чөйрөсүнө эркин аралашууда. Окуу жайдын студентине айланган ар бир болочок кесип ээлерин жогорку деңгээлдеги билимдүү, жөндөмдүү, компетенттүү жана креативдүү кадр кылып даярдоо багытында бардык инновациялык өзгөрүүлөрдү кабылдоодо. Окутуучулардын илимий потенциялын улам жогорулатууга көмөк көрсөтүп, шыктандырып, университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдап, студенттердин жагымдуу жана заманбап шартта билим алуусун толук камсыз кылууда. Соңку жылдары университет өлкөбүздөгү жалпы жогорку билим берүү мекемелеринин арасында зор атаандаштыкка жетишип, коомчулуктун жогору баасына татып отурат.
ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ
Университет эл аралык аренада 50дөн ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алака түзүп, кызматташууларды ишке ашырып келет. Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, фонддор, ири программалар жана өкүлчүлүктөр менен кызматташтык горизонту кеңейип, өнөктөш жогорку окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий иш сапарлар, жайкы университет долбоорлору, стажировкалар жана түрдүү иш чаралар биргеликте жүзөгө ашырылат. Мобилдүүлүк программасынын алкагында учурда окуу жайдын студенттери өлкө ичиндеги бардык ЖОЖго жана тышкы Өзбекстан, Казакстан, Россия, Япония, Чехия, Германия, Венгрия сыяктуу бир канча өлкөлөрдүн окуу жайларына байма-бай барып окуп, практика өтөп, эл аралык долбоорлор менен бирге иш алып барышууда. ОшМПУнун студенттери үчүн Япония, Россия өлкөлөрүндө практика өтөө, “Жайкы университет” долбоорлоруна катышуу салтка айланган. Профессордук-окутуучулук курамдын билимин өркүндөтүү, квалификациясын жогорулатуу максатында окутуучулар өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө уюштурулган окуу курстарга, конференция, форумдарга байма-бай катышып келишет. Алсак, Чехия, Англия, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн профессорлору ОшМПУга келип семинар, мастер-класстарды уюштуруп, лекцияларды окушат.
ӨЗГӨЧӨ СТИМУЛ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Университет конкреттүү түрдө ар тараптуу өнүгүү пландарын бекитип, анын алкагында окутуучуларды жана студенттерди шыктандыруу максатында өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.
Белгилей кетсек, жыл ичинде эң мыкты иш алып барган 15 кызматкерге ден соолугун чыңдоочу санаторияларга жолдомолор уюштурулуп, социалдык жардамга муктаж болгон окутуучуларга “Соцпакет” долбоорунун негизинде жылына төрт мугалимге 50 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берилүүдө. Илим жаатында докторлук диссертациясын жактаган окумуштууларга 120 миң сом, ал эми илимдин кандидаттыгын коргогон окутуучуга 80 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык ыйгаруу салтка айланган.
Университет студенттердин бардык талаптарга шайкеш келген адис болуп калыптануусун камсыздоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Алсак, жаш илим изилдөөчүлөрдүн тобу, спорттун волейбол, тогуз коргоол, теннис, бокс, күрөш түрлөрү боюнча спорттук клубдар, таланттуу студенттердин “Кербен” ансамбли, “Нона” эстрадалык тобу, чыгармачыл жаштардын Жаратман чыгармачылык борбору, Жаштар комитети жана студенттердин эркин медиа борборуна айланган “Мурас” телестудиясы жигердүү кызмат көрсөтүп келет. Ишкердикке кызыккан жаш стартаперлердин тобун түзгөн “Бизнес идеяларды ишке ашыруу” борборунда студенттер белгилүү ишкерлерден билим алышып, долбоорлорун жазып, 2000$-6000$га чейинки суммадагы гранттарды утуп алышып, өздөрүнүн жеке бизнестерин жүзөгө ашырышууда. Жыл ичинде эң мыкты окуп, коомдук иштерде активдүүлүк жараткан студенттер Президенттик стипендияга ээ болушат. Ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан да тандалган студенттерге 5000-10000ге чейинки стипендиялар берилет жана окуу жай тарабынан студенттик долбоорлорго 50 000-100 000ге чейинки акчалай гранттар ыйгарылса, республикалык эл аралык олимпиада, сынактардын жеңүүчүлөрүнө да белгилүү өлчөмдө сый-акылар берилип келет.
Олимпиадаларда, республикалык, эл аралык түрдүү сынактарда ийгилик жаратып, окуу жайдын намысын коргогон студенттерге беш миң сомдон 20 миң сомго чейин сый акы ыйгаруу чечими жолго коюлган. Ошону менен бирге социалдык жардамга муктаж болгон студенттер атайын каттоого алынып, профсоюз комитети тарабынан ар бир студент материалдык жактан камсыздалып келет.
Ар бир окуу жылынын жыйынтыгы менен эң мыкты 40 студент тандалып, жайкы эс алууга окуу жайдын атайын эсебинен кыргызстандын жети дубанына жана коңшу өлкөлөрдүн тарыхый-маданий жерлерине саякатка жөнөтүү жөрөлгөсү да салтка айланды.
ЗАМАНБАП ШАРТТА БИЛИМ БЕРЕБИЗ
Университеттин ички инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы толугу менен заман талабына жооп берет. Окуу жайда жалпысынан 4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана жана 400 орундуу бала бакча бар. Катарда ишке ашкан эң масштабдуу 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү окуу корпусу университеттин өз эсебинен каржыланып, учурда колдонууга берилген. Ошондой эле окуу жайдын базасында түзүлгөн “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси түзүлүп, ишке киргизилген. Жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган компьютердик залдар, электрондук китепкана, виртуалдык лабораториялар, заманбап мультимедиалык кааналар, панелдер менен жабдылган лекциялык залдар, окуу залдары, лингофондук кааналар, редакциялык басмакана, китепкана, спорттук аянтчалар жана теннистик корттор, илимий жана ишкердик борборлору кызмат көрсөтүүдө.
САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ
Санарип университет программасынын негизинде ОшМПУда бардык документ иштери электрондук форматка өткөрүлдү. Студенттер окутуучудан көз карандысыз түрдө АВН порталы аркылуу экзамен, модулдарын компьютердин жардамында тапшырып, автоматтык түрдө жыйынтыгы чыгып турат. Ата-энелер өз балдарынын модулдан, экзаменден алган бааларын студенттин жеке кабинети аркылуу үйдө туруп көрүп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Окутуучуну баалоо ички рейтинг түзүмү ишке ашып, анын натыйжасында профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүнүн сапатын көтөрүү, илимий изилдөө иштерине тартуу жана стимулдаштыруу менен айлык акысына кошумча сый акыны аныктоо системасы жүзөгө ашты. AiDoc системасы менен университеттин ичинде документ айлантуу структуралар арасында толук электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары электрондук журнал, электрондук окуу планы жана силлабус, электрондук архив, электрондук отчеттук карта, электрондук китепкана сыяктуу онлайн программалар ишке ашкан. “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу университеттин ичинде документ жүргүзүү толук электрондоштурулду. Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы иштөө менен иш кагаздар автоматташтырылып, документтер электрондук форматка өткөрүлгөн. Бул система каттарды жана башка кагаз иштерин жөнөтүү жана жеткирүү убактысын кыскартууга, ошондой эле аткаруучулук тартипти жакшыртууга жардам берип, университетте документтер менен иштөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
УЛУТТУК РЕЙТИНГДЕ (Аккредитация)
Университет көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана рейтингдерге катышуу максатында билим берүүнү баалоочу бир канча эл аралык агенттиктердин рейтингине катышты.
► 2019-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздады.
► 2020-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча V орунду камсыздады.
► 2021-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздады.
2020-2021-окуу жылында жогорку кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, беш жылдык сертификатка ээ болду. Ал эми 2024-жылы атайын орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликүү өтүп беш жылдык сертификатка ээ болгон. Ошондой эле университет 2021-жылы институционалдык аккредитациядан да ийгиликтүү өттү.
“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2022” программасынын жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик педагогикалык университети педагогикалык билим берүү багыты боюнча институционалдык рейтингде III орунду ээледи. Ал эми бакалавр боюнча социалдык-экономикалык билим берүү, дене-маданияты жана көркөм билим берүү багыттары боюнча II орунду ээлесе педагогика, филология, табигый илимий билим берүү, физика-математика багыттары боюнча III орунду камсыздаган.