1. Фамилиясы, аты, атасынын аты - Бабеков Анарбай Ураимович
2. Туулган жылы, жери – 25-ноябрь, 1969-жыл, Ош областы, Кара-Суу району.
3. Билими – Жогорку
4. Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1976-79 – жылдары «Топ –Терек» башталгыч мектебинде, 1980-86-жылдары №38 - «Лянгар» орто мектебинде окуган.
- 1987 –жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине кирип, аны 1992-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошол эле жылы сентябрь айынан эмгек жолун аталган факультеттин «Химия» кафедрасында адегенде лаборант, ага лаборант, лаборатория башчысы болуп эмгектенүүдөн баштаган.
- 1994 – жылы Ош технологиялык университетине которулуп, «Химия жана химиялык технология» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп 2001-жылга чейин эмгектенген.
- 1998-2001 – жылдары Ташкент шаарында, Өзбекистан Республикасынын Илимдер Академиясына караштуу «Өсүмдүк заттарынын химиясы» институтунда аспирантурада окуган.
- 2002 – жылдын 4-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясына караштуу «Химия жана химиялык технология» институтунда «Терпеноидные кумарины и сложные эфиры терпеноидов трех видов растений рода Ferula L.» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
- 2001 – жылы Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу факультетинин «Жалпы жана органикалык эмес химия» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, факультетте декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары.
- 2005 – жылы Ош мамлекеттик университетинин «Химия жана фармацевтика» факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары.
- 2006 – 2016-жылдары Ош гуманитардык - педагогикалык институтунун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору.
- 2017-2019-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун «Экология жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын башчысы кызматында иштеген.
- 2019-жылдан бери Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын башчысы кызматында ийгиликтүү иштеп келе жатат.
5. Сыйлыктары:
- Ош Мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы 2004-ж.
- Ош шаардык Мэриясынын Ардак грамотасы 2010-ж.
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси –2009–ж.
- Ош областтык профсоюз комитетинин Ардак грамотасы - 2008–ж.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. 2014-ж.
- Кыргыз Республикасынын борбордук профсоюз комитетинин отличниги төш белгиси – 2015-ж.
- Кыргыз Республикасынын «Илимдин отчличниги» төш белгиси, 2025-ж.
6. Коомдук ишмердүүлүгү:
- 2007-жыл «Кыргыз Республикасында билим берүү системасы - кечээ, бүгүн жана эртең» деп аталган Республикалык Симпозиумдун катышуучусу жана «Эң мыкты» илимий баяндама жасагандыгы үчүн атайын «СЕРТИФИКАТ» менен сыйланган.
- 2007-жыл-Кыргыз Республикасында ЖОЖдордо жарандык билим берүүнү тузүү боюнча семинардын катышуучусу.
- 2000—жылы Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн жазылган «Жалпы химия» окуу китебинин II томунун авторлорунун бири, 2010-ж. «Органикалык эмес синтез», 2015-ж. «Биохмия», 2019-ж. «Жалпы химия» окуу куралдарынын автору.
- Бүгүнкү күндө 80ден ашуун илимий макалалардын, окуу-усулдук колдонмолордун жана эки монографиянын автору.
- Жалпы эмгек стажы толук 38 жыл
- Жогорку окуу жайда эмгектенген стажы толук 33 жыл.
7. Уюштуруу ишмердүүлүгү:
- 2008–жыл. ОГПИде Жалпы жана органикалык эмес химия лабораториясынын түзүүчүсү.
- 2007-2013-окуу жылдарында 4 жолу Эл Аралык илимий конференциялардын жана 7 жолу Республикалык жана регионалдык илимий практикалык конференциялардын уюштуруучусу.
- Түркия, Ташкент, Алма-Ата, Душанбе, Бишкек шаарларындагы Эл Аралык илимий-практикалык конференцияларда илимий баяндамаларды жасаган.
- 2020-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча эксперти.
- Бүгүнкү күндө Бабеков Анарбай Ураимович 100дөн ашуун илимий эмгек жарыялап, алардын ичинен 16 илимий макала SCOPUS эл аралык илимий-метрикалык журналдарында жарыяланган. 2 патент, 3 монографиянын автору.
- Илимй даражасы жана илимий наамы: - Химия илимдеринин кандидаты, ОшМПУнун профессору.
8. Үй - бүлөлүү 2 уул, 3 кыздын атасы.
9. Дареги:
723 504. Ош шаары, Мамырова көчөсү 95-46.
Телефондор: 0777 -72-82-77, 0552 -72-82-77.
E-mail: ababekov2511@mail.ru