ОшМПУнун алдында түзүлгөн “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат

   Ош мамлекеттик педагогикалык университет алдындагы “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2024-жылдын 26-августь айында балдарды кабыл алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Бала бакча-мектепке чейинки билим берүү уюм катары 1,5-5 жашка чейинки балдарга тарбия, билим жана өнүктүрүү кызматын көрсөтүүдө жана тарбиялануучуларды кабыл алып, жаш өзгөчөлүгүнө карай топторго бөлүп, окутуп-тарбиялоо процесси жүрүүдө.

1.Окутуу жана өнүктүрүү

-Мамлекеттик стандартка ылайык, билим берүү программалары аркылуу балдардын интеллектуалдык, тилдик, социалдык жана дене тарбиясын өнүктүрүү.

2.Тарбиялоо иштери

-Улуттук баалуулуктарга негизделген тарбия берүү: сылыктык,адептүүлүк, достук эмгекке кызыгуу жана маданият.

3. Коомдук ишмердүүлүк

-Ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу, майрамдык иш-чаралар, экскурциялар, темалык күндөрдү өткөрүү.

4.Ден соолукту сактоо жана коопсуздук.

-Саламаттыкты сактоо шарттары, туура тамактануу, күн тартиби жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу.

5. Педагогикалык жамааттын кесиптик өнүгүүсү

-Тарбиячылар курстардан, окуулардан өтүп, заманбап методдорду өздөштүрүүдө.

Бала бакча 360 балага ыңгайланышкан. Азыркы учурдагы тарбиялануучулардын саны-230

Педагогикалык кызматкерлер-13

Техникалык кызматкерлер-19

Медайым-1

Бала бакчада мектепке чейинки курактагы балдарга ар тараптуу билимдин тарбиянын негиздерин берет:

Көп тилдүүлүкө багытап, балдарга англис тили сабагы өткөрүлүп келет.

Балдардын сүйлөө кемтиктерин аларды оңдоо, алдын алуу, сүйлөө речинин бузулушун калыбына келтирүү максатында логопед бар.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдарды тарбиялоо жана окутууда элдик педагогикалык  элементтерин пайдаланып, балдарды ар тараптан өнүктүрүп, кесипке багыт берип, “Эркин оюн” каанасы уюштурулган: анда чачтарачкана, дүкөнчү, медициналык, кулинария, кыргыздын улуттук оюндар(чүкө, таш ж,б) бурчу уюштурулган.

Андан сырткары спорттук залда шахмат, шашки үчүн доскалар,эстафета үчүн шарттар түзүлгөн. Ойноо аянтчасы толугу менен калыбына келтирилип, заманбап ойноочу оюнчуктар жайгаштырылган

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттери жана жоопкерчилиги

Мектепке чейинки        билим берүү уюмунда төмөнкүлөр үчүн  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат:

  • балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандык;
  • мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандык;
  • ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандык;
  • билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандык;
  • тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын, ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык, психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ынтасына, жөндөмүнө, таламдарына жана муктаждыктарына шайкеш келбегендиги;
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмунда жүргөн учурда балдардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугуна кам көрөт.

  Мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
  • мектепке чейинки билимди алууга балдардын муктаждыктарын канааттандыруу;
  • санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды аткаруу;
  • балдарда гигиеналык адаттарды жана сергек жашоо адатынын, негиздерин, коопсуз жүрүш-туруш ыкмаларын калыптандыруу;
  • балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
  • балдарды багып кароо;
  • балдарды    алардын     курагына    жана тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамак менен камсыз кылуу;
  • ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышта болуу;
  • мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди ата-энелердин арасында жайылтуу;
  • мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдардын топторун толуктоо;
  • финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо.

 Мектепке чейинки билим берүү ишине жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тартиби мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат.