Кыргыз - Россия факультети
Факультеттин максаты: Жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн чыгармачыл, заманбап, кесипкөй, улуттук баалуулуктарды сактоо менен дүйнөлүк илимге салым кошкон филолог адистерди даярдоо.
ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ
Кыргыз-Россия факультети 2003-жылдын 23-июлунда Санкт-Петербург мамлекеттик университети, А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети жана А. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде ачылган. Факультет ОГПИнун Окумуштуулар Кеңешинин №07.02.110/2 (№5 чечим, 5.5-пункт) токтому менен расмий негизде түзүлгөн.
Факультетти төмөнкү жетекчилер башкарып келишкен:
• 2003–2008-жж. — Унгефухт Надежда Константиновна
• 2008–2010-жж. — доц. Жороев Ташболот Абдыкаимович
• 2010–2014-жж. — п.и.к. Даминова Инабат Даминовна
• 2014–2024-жж. — п.и.к., доц. Ш.Н. Мондошов
2024-жылдын 9-апрелинен тартып факультетти ф.и.к., доцент А.М. Токтосунова жетектеп келет.
Факультет төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
• 550300 – Филологиялык билим берүү — Кыргыз тили жана адабияты мугалими
• 550300 – Филологиялык билим берүү — Орус тили жана адабияты мугалими
Адистиктерге даярдоодо окутуучулар жамааты натыйжаны көздөгөн, билимди практикада, социалдык турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк берген окутуунун заманбап ыкмаларын колдонууну колго алышкан. Көпчүлүк окутуучулар билим берүү тармагындагы Эл аралык жана Ата Мекендик долбоорлордон өтүшүп, инновациялык, интерактивдүү методдорду билим берүү процессинде пайдаланышат.
Кыргыз-Россия факультетинин структурасы
Декан, ф.и.к., доц. А.М.Токтосунова Орус тили жана адабияты Кыргыз тили жана адабияты
кафедрасынын башчысы п.и.к. Т.К.Торошов кафедрасынын башчысы, ф.и.к.
Келдибай кызы Майрамкан
Окуу иштери боюнча Тарбия иштери боюнча декандын Илимий иштер боюнча декандын
декандын орун басары Г.С.Бакирова орун басары Т.К. Орозалиева орун басары Ч.А. Арыкбаева
Факультетте практика боюнча Факультеттин усулчусу Факультетте кесиптик кошундун
жооптуу ф.и.к., доц. Н.Ш.Танаева Кудайберди кызы Орозгүл төрайымы Ш.А.Жанибекова
ФАКУЛЬТЕТТИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК, РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
2023-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Матисаева Бактыгүл Араповна КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларындагы орус тилин чет тили катары окутуунун мыкты тажрыйбалары боюнча Эл аралык конкурстун сырттан жана күндүзгү баскычтарынан ийгиликтүү өтүп, финалга чыгып, конкурстун лауреаты болду. Конкурс Евразия педагогикалык университеттер ассоциациясынын демилгеси менен Москва мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган.
2024-жылдын 30-майында Москвадагы Эл аралык музыка үйүнүн Альфред Шнитке атындагы залында Орус географиялык коомунун «Хрустальный компас» («Хрусталь компас») сыйлыгынын лауреаттарын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанатка Орусия, Азербайжан, Индия, Франция, Казакстан, Сербия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Конкурска жалпы 230 миң адам катышкан, алардын бири орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу М.М. Сатыбалдиев жеңүүчүлөрдүн катарына кирди.
Сыйлыкты Орусия илимдер академиясынын ардактуу академиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Владимир Михайлович Котляков тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап усулдары» аттуу ЖОЖдор аралык Республикалык конкурста кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучулары жогорку ийгиликтерге жетишти:
- Т. К. Орозалиева 2024-жылы 2-орунду ээледи
- Г. С. Бакирова 2025-жылы 3-орунду ээледи
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык Мамлекеттик тил боюнча студенттердин республикалык олимпиадасында Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучулары Гүлбара Көлбаева, Таттуугүл Орозалиевалар даярдап алып барган ОшМПУнун студенти Туменова Эркинай финалда 1-орунга ээ болуп, “Мыкты тил билги жана көркөм окуу” номинациясын жеңип алды. Ошондой эле аталган олимпиадага студенттерди жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн Г.Көлбаева жана Т.Орозалиеваларга ыраазычылык кат тапшырылды.
ОКУУ ЖАЙЛАР АРАЛЫК ОКУТУУЧУЛАРДЫН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮГҮ
Факультетте окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Атап айтканда, Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин (БМПУ) түрк жана чыгыш филологиясы адистигинин студенттери үчүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОМПУ) окутуучулары – доценттер А.М. Токтосунова, Т.М. Оморова, Ж.Т. Жумаева жана Г.С. Бакирова – аралыктан конок лекцияларын өтүштү. Сабактар жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин тереңдетүүгө багытталды.
2025-жылдын 4-ноябрынан 8-ноябрына чейинки аралыкта, «Мектепте билим берүү тутумунда оюн технологиялары жана оюн практикасы» аттуу квалификацияны жогорулатуу курстарынын алкагында, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Жумаева Жаннат Тургунбаевна М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин башкыр филологиясы факультетинде «Кыргыз тили жана адабияты» багытында окуган студенттер үчүн кыргыз тили боюнча лекцияларды окуду.
2025-жылдын 5-ноябрында өткөн лекциянын темасы кыргыз тилиндеги зат атоочторго арналып, кыргыз тилиндеги диалог форматында өткөрүлдү.
2025-жылдын 24-апрелинде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде конок лекциялары болуп өттү. Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Э.П. Бурнашова «Педагогдун инсандык жана кесиптик өнүгүү технологиялары. Бамбук принциби» деген темада лекция окуду. Ошондой эле, филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.С. Контарова «Функционалдык сабаттуулук – жашоо үчүн окуйбуз» деген темада лекция өткөрдү.
2023-жылдын 21-ноябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио уктуруу жана журналистика кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент З. Алымбаева «Стилистика. Стиль каражаттары жана алардын көркөм тексттеги ролу» деген темада конок лекциясын өткөрдү.
2025-жылдын май айында Кыргыз-Орус факультетинин демилгеси менен Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери үчүн “Айтматов таануу” борбору ачылды.
Эки жогорку окуу жайынын ортосунда келечекте кош диплом программасын ишке ашырууну караган педагогикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Учурда түзүлгөн макулдашуулардын алкагында кош дипломду киргизүү маселеси талкууланып, бир катар практикалык иш-чараларга даярдык пландалды..
КРФнын Орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Жусупбаева М.М. жана Жанибекова Ш.А. 2025-жылдын 17-21-ноябрында чет өлкөлөрдө орус тилин окутуу жана жайылтуу маселелерине арналган «Учу великому» аттуу эл аралык форумга катышты.
Адрес: Ош шаары, Н. Исанов көчөсү 73А
Телефон: +996772480623, +996558599500
Веб-сайт: https://krf.edu.kg/
E-mail: eshmatalikyzybegimay@mail.ru