ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

Гуманитардык факультети Ош жогорку колледжинин ректорунун буйругу менен {28-августа 1997-жылы № 114 §5} жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында ачылган. Факультетте жогорку билимдүү адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген № 042 мамлекеттик лицензиясынын негизинде иш жүргүзүлөт.

Гуманитардык факультет 1997-жылы түзүлүп, түзүлгөн жылдан бери факультетти 6 декан жетектеген. Атап айтсак 1997-1999-жылга чейин Н. К. Унгефухт ОГПИнин доценти, 1999-2006-жылга чейин Ж. А. Адилбаев тарых илимдеринин кандидаты, доцент, 2006-2009-жылга чейин Э. А. Авазов тарых илимдеринин кандидаты, доцент, 2009-2011-жылга чейин Б. Б. Зулуев педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, 2011-2019-жылга чейин Т. А. Абжалов философия илимдеринин кандидаты, доцент, ал эми  2019-жылдан тартып, учурда факультетти социология илимдеринин кандидаты Н. Т. Маткаримов жетектеп келе жатат.

 Факультетте 1996-жылы укук таануу адистиги боюнча студенттер кабыл алынган. Ал эми 1998-жылы тарых адистиги боюнча 1999-жылы англис тили адистиги боюнча 2007-жылы социалдык иш адистиги, 2019-жылы аймак таануу (япон тили) адистиги боюнча студенттер кабыл алынган. Бүгүнкү күндө факультетте 3 кафедра ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

 

ЖОГОРКУ АДИСТИКТЕРДИ ДАЯРДООДОГУ КАФЕДРАЛАР:

  • тарых;
  • социалдык иштер жана коомдук илимдер;
  • англис тили жана аны окутуунун усулу;

    

 Факультетте Кыргыз Республикасынын жогорку билимдүү адистерин даярдоо боюнча мамлекеттик стандарттарынын негизинде төмөнкү кесиптер боюнча адистер даярдалат:

 

  • 540200 социалдык иш
  • 550400 социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)
  • 550300 филологиялык билим берүү (англис тили)
  • 531500 аймак таануу (япон тили)
  • 531500 аймак таануу (корей тили)

 

Факультет ОшМПУнун окуу илимий жана администрациялык структуралык бөлүгү болуп саналат жана «Тарых», «Англис тили», «Социалдык иш» жана «Аймак таануу (япон тили, корей тили)» адистиктери боюнча кесиптик жогорку билим берүү программасын ишке ашырат жана ага шайкеш илимий изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзөт.

           Факультеттин ишмердүүлүгү окутуучулардын окуу-усулдук жана уюштуруучулук иштериндеги билим берүүнүн сапатын жана чыгармачылык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган жогорку окуу жайдын дидактикасындагы алдыңкы илимий, педагогикалык жетишкендиктердин байланышын иштеп чыгууга багытталган.

Факультеттин кызматкерлери билим берүү мекемесинде студенттерди жана окуучуларды комплекстөө процессине катышат, жогорку окуу жайына чейинки даярдыкты жүргүзүү үчүн эл арасында, мектеп окуучуларынын арасында факультеттин планы боюнча кесипке багыт берүүчү иш-чараларды жүргүзөт.

Факультеттин жетекчилиги окуу бөлүмү менен биргеликте Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык окуу стандарттарын жана регламенттерди (окуу программалары, пландар, жадыбал, кабыл алуу шарттары ж.б.) иштеп чыгат жана бекитет.

         Факультеттин жетекчилиги билим берүү процессин камсыз кылуучу окуу-усулдук материалдарды даярдоону, рецензиялоону жана басмадан чыгарууну координациялайт. Факультеттин деканы окуу, усулдук, уюштуруучулук иштер боюнча, ошондой эле персоналдарды тандоо маселеси боюнча ректорго сунуш кылат.

ФАКУЛЬТЕТТИН ТҮЗҮМҮ;

№

ФАА

Ээлеген кызматы

1

Маткаримов Нурбек Төлөнбаевич

Факультеттин деканы

2

Көлбаева Замира Исабаевна

Окуу иштери боюнча декандын орун басары

3

Шарипова Роза Зулуновна

Тарых кафедрасынын башчысы

4

Айтиева Гүлбурак Аскарбековна

Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы

5

Кидиралиева Нургүл Мэлисовна

Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедра башчысы

6

Абылкасымова Айнура Мурзабековна

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары

7

Акылбекова Гүлнара Шадымановна

Илимий иштер боюнча декандын орун басары

8

Джунусова Миргүл Сабыралиевна

Факультеттин окуу усулдук кеңешинин төрайымы

9

Жолдошева Анара Аттокуровна

Факультеттин практика боюнча жетекчиси

10

Бекмуратова Наргүл Илиязовна

Аялдар кеңешинин төрайымы

11

Колдошева Айнуска Абдыманаповна

Факультеттин усулчусу

 

 

ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ

 

Факультеттин окуу процесси деканат тарабынан түзүлгөн төмөнкүдөй иш пландардын негизинде көзөмөлдөнөт жана уюштурулат:

  • жаңы окуу жылына карата иш-чаралардын планы;
  • факультеттин иш пландары;
  • факультеттин Кеңешинин иш планы;
  • факультеттин окуу-усулдук кеңешинин иш планы;
  • факультеттин илимий иштеринин планы;
  • факультеттин тарбиялык иштеринин планы;

 

Окуу жылынын башынан бери окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн тарификациясына тактоолор киргизилгендиги, тайпаларда окуу ишин жакшыртуу максатында деканаттын жолугушуулары системалуу өткөрүлүп тургандыгы деканаттын документациясында так көрсөтүлгөн.

Биринчи курстун студенттерин факультеттин жана университеттин ички окуу эрежелери менен тааныштыруу иштери жолго коюлган. Деканат тарабынан практикалардын жүрүшү реалдуу түрдө көзөмөлгө алынып, окуу жайдын практика башчысы менен бирге практиканттардын сабагына катышуу, усулчулардын ишмердүүлүгүн координациялоо сыяктуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келе жатат.

Деканат консультациялардын, зачет жана экзамендердин жүрүшүн, окутуучулардын отчеттук-учеттук документациясын, сабактардын көргөзмө материалдарын такай көзөмөлдөйт. Учурда бакалавр жана дистанттык окуу системасында окуу процесси жүрүп жатат. Ошону менен бирге окуу процессин башкарууну компьютердик AVN системасы аркылуу жүргүзүү колго алынган.

Кафедраларда өз ара сабактарга катышуунун, ачык сабактардын графиктери түзүлгөн жана график боюнча сабактарга катышуу үзгүлтүксүз жүрүзүлөт. Өз ара сабактарга катышуу журналдарына катталган, токтомдору тиркелген.

Студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Кафедраларда  курстук иштерди коргоо, рецензиялоонун абалы жакшы. Курстук иштердин мазмуну, структурасы, көлөмү жөнүндө семинарды өткөрүү жолго коюлган.

 

 

 

 

                        Cүр. 1. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү боюнча

  

ФАКУЛЬТЕТТИН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

 

Факультет билим берүү ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин №42 мамлекеттик лицензиясынын негизинде ишке ашырат. Факультетте 2012-жылдан жогорку билим берүүнүн 5 багыты боюнча бакалавриат                     (4 жыл) программасы ишке ашырылган.

 

 

 Сүр. 2. Факультеттин студенттеринин контингенти боюнча акыркы 5 жылдык

 

Факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын илимий изилдөө иштеринин багыты

Илимий педагогикалык – кадрларды даярдоо гуманитардык факультетте 38 мүчөдөн турган профессордук - окутуучулук жамаат эмгектенет. Алардын ичинде тарых илимдеринин доктору, профессор 1, педагогика илимдеринин доктору, профессор 1,  филология илимдеринин доктору 1, тарых илимдеринин кандидаты  5, философия илимдеринин кандидаты, доцент 1, филология илимдеринин кандидаты, доцент 3, социология илимдеринин кандидаты  1,  улук окутуучу-магистрлер 18, окутуучулар 4, 3 лаборанттар 3 эмгектенет. 

 

 

 

Сүр. 3. Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы боюнча

 

ФАКУЛЬТЕТТИН ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫ

          Факультет кол коюлган келишимдердин негизинде төмөндөгү жогорку окуу жайлар менен кызматташат:

 

  1. Санкт - Петербург мамлекетинин психология жана социалдык иштер институту;
  2. Урал мамлекеттик педагогикалык университети;
  3. Пермь мамлекеттик педагогикалык университети;
  4. Кемерова мамлекеттик университети;
  5. Борбордук Азиядагы Америка университети;
  6. Тынчтык корпусу;
  7. Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети;
  8. Казан федералдык университетинин Елабуга институту;
  9. Кыргыз – Япония адамдарды өнүктүрүү борбору (JICA).
  10. Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту
  11. Фергана мамлекеттик университети