АЙЫМДАР МАЙРАМЫН УТУРЛАЙ МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МАЙРАМДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде 8 – Март – Аялдардын Эл аралык майрамына карата майрамдык кече өткөрүлдү.

Ага аталган факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Аялзатын даңазалоо, алардын коомдогу ордун баса белгилөө максатында уюштурулган бул кечеде таланттуу студенттер тарабынан концерттик программа коюлду.

Мында сахналык көрүнүштөр, улуттук жана заманбап бийлер, күүлөр, кызыктуу оюн-зооктор көрсөтүлүп, көркөм окуулар жана обондуу ырлар аткарылды. Студенттер өз чыгармачылыктары аркылуу айымдардын асыл касиеттерин даңазалап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.