ЖАТАКАНА ЖАШТАРЫНА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жатаканасында жашаган студенттер үчүн окуу жайдын жаштар комитети жана профсоюз комитети тарабынан жаңы жылдык майрамдык кече уюштурулду.
Келе жаткан жаңы жылды утурлай өткөрүлгөн бул иш-чарага жаштар комитетинин төрагасы Чыңгыз Кадырмамат уулу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу, комитеттин мүчөлөрү жана жатаканада жашаган студенттер катышты.
Майрамдык кечеде таланттуу студенттердин катышуусунда чакан концерттик программа тартууланып, ар кандай оюн-зооктор уюштурулду. Активдүү катышуучуларга жана оюндардын жеңүүчүлөрүнө белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, кечеге өзгөчө майрамдык маанай кошулду. Белгилей кетсек, аталган саамалык салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет.
Жаңы комментарий кошуу