КР орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасына ОшМПУ активдүү катышып келди
Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасына Ош мамлекеттик педагогикалык университети да жигердүү катышып, бир катар ийгиликтерди жаратты.
Мелдеш волейбол, футзал, шахмат, стол тенниси, жеңил атлетика, тогуз коргоол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүп, өлкөнүн бардык орто кесиптик окуу жайларынын катышуусунда өттү. Катарда ОшМПУнун колледжинин кыздар командасынын студенттери Жеңил атлетика багытында өзгөчө активдүүлүк көрсөттү.
Мында Бк-24-9 тайпасынын студенти Айсезим Асанова 60 метр аралыкка чуркоодо 3-орунду ээледи. Ошондой эле эстафеталык таякча берүүдө 4×200 метр аралыкта окуу жайдын 4 студенти катышып, 2-орунга татыктуу болушту. Алар:
1. Бибинура Ташполотова – Бк-24-8 тайпасы
2. Медина Жоробаева – Бк-25-9 тайпасы
3. Акылай Тургунбаева – Мч-24-1 тайпасы
4. Айсезим Асанова – Бк-24-9 тайпасы
Жалпы эсеп менен жеңил атлетика мелдешине 12 команда катышып, ОшМПУ 4-орунду камсыздады. Мелдеш 60 м, 200 м, 400 м, 800 м аралыкка чуркоо жана эстафеталык таякча берүү боюнча өткөрүлдү. Окуу жайдан аталган мелдешке жалпысынан 16 студент (кыздар жана балдар) катышты. Аларга колледждин окутуучулары Бакыт Касымали уулу жана Махаматсадык Эркинбаевдер тренерлик кылышты.
Белгилей кетсек, аталган спартакиада студенттер арасында дене тарбияны өнүктүрүү, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулду. Бул мелдеш колледждер арасында биринчи жолу өткөрүлдү.
Жаңы комментарий кошуу