КЫРГЫЗ - КОРЕЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Бишкек музыкалык-педагогикалык институту Корея Республикасынын жогорку окуу жайлары - Dong-eui Institute of Technology жана Kyungdong University менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында үч тараптуу келишимге кол коюшту.

Бул келишим эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты

чыңдоого жана академиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталат.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана БМПИнин ректору Уланбек Мамбетакунов катышты.

Алдыда тараптар түзүлгөн келишимдин негизинде эки өлкөнүн студенттери менен окутуучулардын академиялык алмашуусун, мектепке чейинки билим берүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана бир топ биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну максат кылышты. Бул менен бирге корей тилин үйрөтүү боюнча атайын окуу борборлорун ачуу да пландашты.

Учурда Кыргызстан менен Кореянын билим берүү системаларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ. Анын алкагында мектепке чейинки жана кесиптик башталгыч билим берүү тармактарында тажрыйба алмашууну күчөтүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана адистерди даярдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү маселелери сунушталды.

Бул кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагындагы байланышты бекемдеп, эл аралык билим берүү мейкиндигинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.