Колледжде Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө карата тегерек стол өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде 14-февраль — Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө карата “Барактагы сыр — акылдын нуру” аталышында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чара колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага колледждин мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Эртөштүк Жумабаев, Асан Арыкбаев, ошондой эле университеттин жаштар комитетинин төрагасы Чыңгыз Кадырмамат уулу жана студенттер катышты.
Тегерек столдун алгачкы бөлүгүндө студенттер китептин тарыхы, китеп окуунун пайдалары жана анын адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү орду тууралуу докладдарды окушту. Андан соң китеп окуу маданиятына байланыштуу суроолор берилип, активдүү талкуу уюштурулду.
Жыйынтыктоочу бөлүгүндө окутуучулар сөз сүйлөп, студенттерге китепти үзгүлтүксүз окуу, билимге умтулуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча кеп-кеңештерин беришти. Саамалыктын соңунда студенттер бири-бирине жылуу каалоо-тилектерди айтып, китеп белек кылышты.
Жаңы комментарий кошуу