Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде кезектеги конок-лекция
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде конок-лекция уюштурулду.
Иш-чара аталган факультеттин окутуучуларынын жана студенттеринин катышуусунда өттү. Саамалык «Кеп маданияты» аталышында болуп, лекциянын коногу Ош технологиялык университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Жыпаргүл Айтибаева болду.
Конок-лекциянын жүрүшүндө лектор тарабынан кеп маданиятынын негизги компоненттери, кептин тазалыгы, тактыгы, тууралыгы, орундуулугу, логикалуулугу, эмоционалдуулугу жана сөз байлык тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул менен бирге илимий, көркөм жана публицистикалык тексттерден мисалдар келтирилип, практикалык иштер аркылуу талданып көрсөтүлдү.
Ошондой эле иш-чара активдүү талкуулар, суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу өттү.
Жаңы комментарий кошуу