Ноокат районундагы мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсу уланууда

ОшМПУнун мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан Ноокат районундагы мектеп мугалимдери үчүн уюштурулган кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган окуу курсу өз нугунда уланууда.

Окутуунун алкагында колледждин Мамлекеттик тил кафедрасынын аспирант-окутуучусу Эртөштүк Жумабаев, аталган бөлүмдүн адиси Айзат Абдыразак кызы, ошондой эле окуу жайдын колледжинде эмгектенген мастер-тренер Нуркыз Заирова мугалимдер үчүн сабак өтүштү.

Алар «Сабак өтүүдө колдонулуучу дидактикалык усулдар», «Билим берүүнүн технологиялык трансформациясы» темалары боюнча маалымат берип, сабакты заманбап форматта уюштуруунун жолдору, 5Е модели, жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, окуучулардын кызыгуусун арттыруучу кыймылдуу оюндар жана нейрогимнастика боюнча кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле практикалык көнүгүүлөр аркылуу темаларды бекемдешти.

Белгилей кетсек, окуу курсу 5-январдан бери уланып келет. Курс жыйынтыкталгандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.