Ноокат районундагы мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу уланууда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан Ноокат районундагы мектеп мугалимдери үчүн кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган окуу курсу өз нугунда уланууда.
Окуу курсунун алкагында биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучулары Гүлзада Сагынбаева, Кайратгүл Кошуева, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Нуркыз Заирова, ошондой эле математика жана компьютердик технологиялар факультетинин окутуучусу Айсырга Ырысбаева «Усулдан сапатка өтүү», «Билим берүү багытындагы мугалимдердин профессионалдык компетенттүүлүгүн өстүрүү», «Жасалма интеллект» темаларында мазмундуу сабактарды өтүп жатышат.
Аталган сабактар угуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, мугалимдердин активдүү катышуусу, пикир алмашуусу жана практикалык тапшырмаларды аткарууга болгон жогорку кызыгуусу менен коштолууда.
Жаңы комментарий кошуу