ОКУУ ЖАЙДА КЕЗЕКТЕГИ КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик технологиялар-факультетинде студенттердин инсандык өнүгүүсүнө багытталган маанилүү иш-чара уюштурулду. Факультеттин Аялдар кеңеши тарабынан “Азыркы жаштардын өзүн баалоосунун психологиялык негиздери” аттуу конок лекция өткөрүлүп, ал студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү аянтчага айланды.
Иш-чаранын коногу катары психология тармагындагы белгилүү адис — Жолдошева Акчач Олмасовна чакырылды. Ал Кыргызстандагы психологдор коомунун вице-президенти, Кыргызстандагы Психология Академиясынын негиздөөчүсү, психология илимдеринин доктору, профессор катары көп жылдык тажрыйбасы менен студенттерге баалуу маалыматтарды бөлүштү.
Лекциянын жүрүшүндө азыркы жаштардын психологиялык абалы, өзүн туура баалоо, ички ишенимди калыптандыруу, эмоционалдык туруктуулук жана инсандык өнүгүү темалары кеңири талкууланды. Конок лектор студенттерге турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүдө психологиялык туруктуулуктун орду чоң экенин белгилеп, өзүн өнүктүрүү боюнча практикалык кеңештерин берди.
Ошондой эле иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кесипкөй адистен пайдалуу жоопторду алышты. Жылуу маанайдагы жолугушуу жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, алардын ой жүгүртүүсүнө жана өзүн таануусуна жаңы дем берди.
Факультет жамааты конок лектор Жолдошева Акчач Олмасовнага мазмундуу лекциясы, баалуу кеңештери жана студенттер менен болгон пайдалуу маеги үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Жаңы комментарий кошуу