Ош МПУда ректордун байгесине арналган бильярд мелдеши өттү
18-май Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин күнүнө карата спорттун бильярд түрү боюнча окутуучулар жана кызматкерлер арасында мелдеш өттү.
Мелдеш жобого ылайык 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер арасында эки багытта болуп, жалпы 30дан ашык оюнчу ат салышты. Жыйынтыгында улуу муундар арасында 4-орунду колледждин окутуучусу Сейитмурат Исираев, 3-орунду дене-тарбия факультетинин окутуучусу Капар Кудайкулов, 2-орунду дене-тарбия факультетинин окутуучусу Жакып Мамажанов ал эми 1-орунду дене-тарбия факультетинин окутуучусу Жолдош Кадымаев багындырды.
Ошондой эле жаштар арасында 4-орунду колледждин окутуучусу Төлөгөн Сасыкбаев, 3-орунду дене-тарбия факультетинин окутуучусу Данияр Осмоналиев, 2-орунду кесиптик бирликтин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу ал эми 1-орунду табият тааануу, география факультетинин окутуучусу Арстан Мамасадык уулу ээлеп, диплом жана акчалай байгелер менен сыйланышты.
Иш чара кызматкерлер арасында достук, биримдикти даңазалоо, сергек жашоого үндөө жана мыктыларды аныктоо максатында окуу жайдын жетекчилиги, дене-тарбия факультети жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.
Жаңы комментарий кошуу