Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү ОшМПУнун администрациясы менен жолугушту

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин администрациясы менен жыйын өткөрдү.

Иш-чарага мэриядан келген өкүлдөр, университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам катышты. Аталган жыйын Ош шаарынын мэриясынын структуралык түзүмдөрүнүн 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүк жыйындарды өткөрүү планынын алкагында уюштурулду.

Саамалыктын алгачкы бөлүгүндө ректор Бекмурза Зулуев окуу жайдын 2025-жылы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга пландалган иш-аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал университеттин окуу-тарбия, илимий, уюштуруучулук багыттардагы жетишкендиктерине, материалдык-техникалык базанын чыңдалышына, санариптештирүү процесстерине жана шаар менен болгон кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн иштерге токтолду. Ошондой эле 2026-жылга коюлган негизги максаттар, стратегиялык пландар жана артыкчылыктуу багыттар айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова сөз сүйлөп, шаар бийлиги менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз сөзүндө алдыда университет менен биргеликте ар тараптуу иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин айтып, эки тарап тең бири-бирине колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу тыгыз кызматташуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, жыйын учурунда окутуучулар тарабынан шаардын социалдык жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жана идеялар айтылып, суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду. Көтөрүлгөн маселелерди алдыдагы иш пландарында эске алуу зарылдыгы белгиленди. Иш-чаранын соңунда пландалган иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, Ош шаардык мэриясы менен Ош мамлекеттик педагогикалык университети буга чейин да тыгыз кызматташып келген жана бул багыттагы иш-аракеттер мындан ары да улантылат.