Ош шаарында Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди
Бүгүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата шаардык деңгээлдеги салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, ошондой эле шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар тарабынан ар улуттун маданиятын, улуттук баалуулуктарын, салттуу кийимдерин, музыкалык аспаптарын жана улуттук тамак-ашын чагылдырган көргөзмө уюштурулду. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университети да жигердүү катышты.
Маданий программанын жүрүшүндө Ош шаардык жаштар театры тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ыр-бийлер жана концерттик номерлер менен коштолду. Аталган саамалыктын башкы максаты — көп улуттуу өлкөдө ар бир элдин эне тилин кадырлоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жана тилдердин маданий баалуулугун урматтоо болуп саналат.

Жаңы комментарий кошуу