Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ОшМПУда

Бүгүн, 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду.

Калаа башчысын университеттин ректору Жылдыз Артыкова баштаган жетекчилик курам тосуп алды. Андан соң мэр окуу жайдын спорт залында студенттер менен жолугушуп, аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө жаштарга ак тилектерин айтып, билим алууга, алдыга максат коюп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Ошондой эле Жанарбек Акаев Ош шаарында студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар, жаштардын билим алуусуна, эс алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган иштер тууралуу кыскача маалымат берди.