ОшМПУ ББПУА агенттиги тарабынан программалык көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат
Ош мамлекеттик педагогикалык университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПУАА) эксперттик комиссиясы тарабынан тышкы баалодон өтүүдө.
Аккредитация 550600 көркөм билим берүү (адистиги: музыка, бакалавр), 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (адистиги: тарых, бакалавр), 540200 Социалдык иш (бакалавр), 532000 Дене тарбия жана спорт (бакалавр) билим берүү программалары боюнча жүргүзүлүүдө.
Ага ылайык эксперттик топ ректор Бекмурза Зулуев баштаган окуу жай жетекчилиги менен жолугушуп, университеттин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алышты.
Учурда агенттиктин эксперттери өз ишин баштап, университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессинин уюштурулушу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытында байкоо жүргүзүшүүдө. Ошондой эле студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен интервьюлар өткөрүлүп, сабактарга катышуу иштери улантылууда.
Аталган иш-чара окуу жайдын билим берүү сапатын жогорулатуу, эл аралык деңгээлге чыгуу жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Аккредитациянын негизги максаты — ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын жогорку сапатын, заманбап стандарттарга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыктуулугун тастыктоо.
Жаңы комментарий кошуу