ОшМПУ Кореянын Гёнбук Академиясы менен кызматташат
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Түштүк Кореянын Гёнбук Академиясынын өкүлдөрү келип, университеттин ректору Бекмурза Зулуев менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап билим берүү, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле ОшМПУнун базасында корей тили борборун ачуу, студенттерге корей тилин үйрөтүү жана Кореяда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштар талкууланды.
Өз кезегинде Гёнбук Академиясынын өкүлдөрү академия тарабынан ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорлору, корей тилин окутуу программалары жана студенттер үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер үчүн жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.
Аталган саамалык университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
Жаңы комментарий кошуу