ОшМПУ Ноокат районунун мектеп мугалимдери үчүн окуу курсун өткөрүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан Ноокат районунун мектеп мугалимдери үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган окуу курсу уюштурулду.
Иш-чара 5-январдан 15-январга чейин уланат. Ага Алишер Навои, Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал», Алыкул Осмонов, Насиридин Исанов, К. Абдылакимов атындагы «Көк-Бел», Абыл Раев атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринен жүздөн ашуун мугалимдер катышууда.
Окутуунун негизги максаты — мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, заманбап педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүү жана аларды практикалык ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонууга багыт берүү.
Окуу курсунун алгачкы күнүндө сабактарды аталган бөлүмдүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жыпаргүл Шербаева, табият таануу жана география факультетинин деканы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Гульмира Долонова, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Нуркыз Заирова, ошондой эле педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулары Нуриза Мамашерип кызы жана Тамара Араповалар өтүштү.
Алдыда курстун жүрүшүндө башка да тажрыйбалуу тренерлер сабак өтүп, катышуучулар менен билим жана тажрыйбаларын бөлүшмөкчү. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылат.
Жаңы комментарий кошуу