ОшМПУ Ош шаардык мэриясы менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгиледи
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы сейил багында майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Саамалык Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Ош шаардык мэриясынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулду. Иш-чара салтанаттуу азем менен башталып, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, шаар тургундары жана бөбөктөр катышты.
Куттуктоо сөзүндө ректор Бекмурза Зулуев жаш жеткинчектерди майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана кең келечек каалады. Майрамдын жүрүшүндө балдар үчүн түрдүү оюн-зооктор, сүрөт тартуу аянтчалары уюштурулуп, чыгармачыл бөбөктөр тарабынан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле активдүү катышкан балдарга белектер жана оюн-зоок жайларына сертификаттар тапшырылды.
Мындан сырткары майрамдын катышуучуларына балмуздактар таратылып, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – балдардын укуктарын коргоого көңүл буруу, алардын бактылуу балалыгын камсыздоого коомчулуктун көңүлүн буруу жана майрамдык маанай тартуулоо болду
Жаңы комментарий кошуу