ОшМПУ Ош шаарын жашылдандыруу өнөктүгүнө активдүү катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун “Жашыл Мурас” улуттук демилгесинин алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган көчөт отургузуу иш-чарасына Ош мамлекеттик педагогикалык университети да активдүү катышты.

Иш-чара Алишер Навои атындагы эс алуу багында өткөрүлүп, анда 2000ге жакын көчөт отургузулду. Экологиялык акцияга университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган өкүлдөр катышып, шаарды жашылдандыруу демилгесине өз салымын кошушту.

Аталган саамалык шаар экологиясын жакшыртууга, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган. Окуу жай мындан ары да коомдук жана экологиялык маанидеги иш-чараларга активдүү катышууну улантат.