ОшМПУ Ош шаарындагы жалпы ишембиликке активдүү катышты

Бүгүн Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында массалык түрдө жалпы ишембилик өттү.

Ага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары, чарба кызматкерлери жана студенттери активдүү катышып, мында Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн аймактар, Ак-Буура дарыясынын жээги, университетке тиешелүү имараттардын айланасы тазаланды.

Белгилей кетсек, жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жарыяланып, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлган.

Таза шаар, таза коомду бирге куралы.