ОшМПУ УЛГАЙГАН АДАМДАРГА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университети социалдык колдоого муктаж адамдардан кабар алуу менен, аларга материалдык жардам көрсөттү.

Бул саамалык I-октябрь - Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата

"Улгайган курактагы аламдарга көңүл буруу жана камкордук" аттуу бир

айлыкты өткөрүү жөнүндө 2025-жылдын 15-сентябрындагы Nº 807 токтомунун

негизинде ишке ашты.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланып, анын алкагында жардам берүү үчүн мекеме-ишканаларга улгайган адамдар бөлүнүп, катарда ОшМПУ Мактымкан Туркматова, Лидия Урманиева аттуу шаардын тургундарына акчалай жардам көрсөтүштү.