ОшМПУ жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн Ош шаарында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке Ош мамлекеттик педагогикалык университети да активдүү катышты.
Ишембиликке университеттин окутуучулары, чарба кызматкерлери жана студенттери чыгып, окуу жайдын имараттарынын ичин, тышын жана ага чектеш аймактарды тазалап, иретке келтиришти.
Белгилей кетсек, аталган саамалык шаарды көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана экологиялык тазалыкты сактоо максатын көздөйт.
Жаңы комментарий кошуу