КУТТУКТАЙБЫЗ!

ОшМПУ жаштары Ош шаардык мэриясы тарабынан сыйланды

Бүгүн Ош шаардык мэриясы тарабынан жыл жыйынтыгы чыгарылып, жылдын мыктылары сыйланды. Иш-чарада шаардагы бир катар мекеме жетекчилерине, мугалимдерге, спорт чеберлерине, жеке ишкерлерге жана активдүү жаштарга түрдүү сыйлыктар тапшырылды.

Аталган иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн оператор-монтажёру Нурислам Закиров Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Мекенди сүйүү өзүбүздөн башталат” аттуу көркөм окуу сынагында чоңдор арасында 2-орунду ээлеп, 20000 сом акчалай сыйлыкка татыды.

Мындан сырткары, аталган сынакка активдүү катышкандыгы үчүн университеттин магистратура бөлүмүнүн ФБК1-24 тайпасынын студенти Айданек Сагынбек кызына 7 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Сыйлык ээлерин жетишкендиктери менен куттуктайбыз жана ийгиликтерди каалайбыз!