ОшМПУ – ЖОЖдор аралык спартакиадада ийгилик жаратты

18-19-май күндөрү Ош технологиялык университетинин базасында өткөн билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолук – 2026” спартакиадасында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин спортчулары жалпы командалык эсеп боюнча III орунду камсыздады.

Аталган мелдеш КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин демөөрчүлүгү менен борбордук комитеттин Оштогу өкүлчүлүгү жана ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулду. Спартакиадага Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын кызматкерлери катышып, спорттун ордо, тогуз коргоол, шахмат, кичи футбол, стол теннис, стритбол жана волейбол түрлөрү боюнча ат салышышты.

Мелдеште ОшМПУнун спортчулары жогорку деңгээлде атаандаштык көрсөтүп, 8 команда байгелүү орундарды камсыздашты:

- Волейбол боюнча 40 + эркектер командасы I орун;

- Волейбол боюнча 40 + аялдар командасы III орун;

- Волейбол боюнча 40 - аялдар командасы II орун;

- Стритбол II орун;

- Тогуз коргоол (аялдар) II орун;

- Тогуз коргоол ( эркектер) II орун;

- Шахмат ( аялдар) III орун;

- Шахмат (эркектер) III орун;

Жеңүүчү командалар Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан диплом жана акчалай байге менен сыйланышты. Ошондой эле жалпы командалык эсеп боюнча ОшМПУ курамасы III орунду ээлеп, атайын диплом жана 15 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.