ОшМПУ “АЛА-ТОО ЖАЗЫ–2026” ФЕСТИВАЛЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛДУ
Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ала-Тоо жазы–2026” жаштар кароо-сынагынын финалдык этабы болуп өттү.
Анда биринчи турдан тандалып алынган жогорку жана орто окуу жайлардын мыкты командалары баш байге үчүн күч сынашты. Сынак төрт негизги багыт боюнча өттү: вокал, классикалык музыкалык аспаптарда аткаруу, фольклордук өнөр жана хореография.
Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери бул этапта да жогорку деңгээлдеги өнөрүн тартуулашты. Тактап айтканда, фольклордук багытта студенттер Атай Огонбаевдин “Ак тамак көк тамак” күүсүн аткарып, улуттук өнөрдү даңазалашты. Вокал жанрында “Паризат ой” чыгармасы жогорку деңгээлде жаңырып, хореография багытында заманбап бий көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми классикалык аспаптар багытында дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылып, калыстар тобу тарабынан жогору бааланды. Студенттер бул ирет да жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн толук ачып бере алышты.
Жыйынтыгында ОшМПУ жаштары дээрлик бардык багыттар боюнча байгелүү орундарды багындырышты. Атап айтканда:
– вокал жанрында 3-орун (40 миң сом),
– хореография багытында 2-орун (70 миң сом),
– классикалык музыкалык аспаптарда аткаруу боюнча 2-орун (70 миң сом),
– фольклордук өнөр багытында 1-орунду (90 миң сом) ээлеп, жалпы 270 миң сом акчалай сыйлыкка татыктуу болду. Мындай жыйынтык университеттин студенттеринин талантын, эмгекчилдигин жана окуу жайдын маданий чөйрөдөгү күчтүү позициясын дагы бир ирет тастыктады.
Белгилей кетсек, 2027-жылы бул иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда өткөрүлөрү белгилүү болду.
Ала-Тоо жазы фестивалы чыгармачылыкты туу тутуп, өнөр дүйнөсүн аздектеген жаштардын арбын экендигин дагы бир ирет далилдеди. Бул саамалык жаш таланттарды колдоого жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт
Жаңы комментарий кошуу