ОшМПУ: АСЫЛЗАТ АЙЫМДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 8-Март Аялдардын эл аралык майрамы жогорку маанайда белгиленди.
Майрамдык иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышып, айымдарга окутуучу агайлар жамааты тарабынан өзгөчө майрамдык концерттик программа тартууланды.
Салтанаттын жүрүшүндө таланттуу мырзалар аялзатынын аруулугун, сулуулугун жана мээримин даңазалаган ырларды аткарып, поэзия окушту. Ошондой эле залдагы бардык айымдарга салтка айланган жазгы гүлдөр белекке берилди. Мындан сырткары “Барс” эстрадалык тобу шаңдуу чыгармаларды аткарып, агайлар тобу жарамазан айтып, хор ырдап көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, үзүрлүү эмгектенип жаткан окутуучу эжекелерге, кызматкерлерге жана студент кыздарга Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Ош мамлекеттик педагогикалык университети жалпы айымдарды, окутуучу эжекелерди, кызматкерлерди жана студент кыздарды 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Жаңы комментарий кошуу