ОшМПУ: Гуманитардык факультетинде кезектеги конок-лекция

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде кезектеги конок-лекция болуп өттү.

Иш-чарада филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Букаралиевна студенттерге «History of England» темасында мазмундуу конок-лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө Англиянын тарыхый өнүгүүсү, негизги доорлору, саясий жана маданий өзгөрүүлөрү кеңири баяндалып, өлкөнүн дүйнөлүк тарыхтагы орду кызыктуу мисалдар менен түшүндүрүлдү.

Теориялык маалыматтар интерактивдүү форматта берилип, студенттер активдүү суроо-жооп аркылуу өз билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынтыгында катышуучулар лекциянын пайдалуу жана таасирдүү болгонун билдирип, лекторго ыраазычылык айтышты.

Белгилей кетсек, саамалык аталган факультеттин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.