ОшМПУ: КЫШКЫ   СПАРТАКИАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛЫП, ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосундагы кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи уюштурулду.
Жыйынтыктоочу аземге университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков  баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышты. Кеченин жүрүшүндө 1 жумалык таймаштын жеңүүчү командалары, мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар жана калыстар окуу жай жетекчилиги тарабынан диплом, сертификат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 
Мындан сырткары жалпы мелдешке катышкан факультеттерге жана бөлүмдөргө окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан да акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле  калыстардын жана уюштуруу тобунун чечими менен спорттук мелдештин жалпы командалык жеңүүчүсү катары табылган табият таануу жана география факультетине өтмө кубок  ыйгарылды.  
Белгилей кетсек аталган  мелдеш 19-январдан 24-январга чейин өткөрүлүп, окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында окуу жай жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.
Жыйынтык: 
Волейбол (агайлар ортосунда)
4-орун Администрация
3-орун Административдик чарба бөлүмү
2-орун Колледж
1-орун Математика жана компьютердик технологиялар факультети
Мыкты оюнчу: Токтогул Ысаков
Волейбол (эжекелер  ортосунда)
4-орун Математика жана компьютердик технологиялар факультети
3-орун Гуманитардык факультети
2-орун Кыргыз-Россия факультети
1-орун Табият таануу жана география факультети
Мыкты оюнчу: Гүлзада Сагынбаева
Баскетбол оюну боюнча:
4-орун Гуманитардык факультети
3-орун Табият таануу жана география факультети
2-орун Математика жана компьютердик технологиялар факультети
1-орун Музыкалык-педагогикалык  факультети
Мыкты оюнчу: Рита Умарова
Стол теннис боюнча:
4-орун Гуманитардык факультети
3-орун Табият таануу жана география факультети
2-орунду Музыкалык-педагогикалык  факультети
1-орун Колледж 
Мыкты оюнчу: Замир Камбаров
Тогуз коргоол оюну боюнча: 
4-орун Гуманитардык факультети
3-орун Табият таануу жана география факультети
2-орунду Кыргыз-Россия факультети
1-орун Администрация
Мыкты оюнчу: Жээнгүл Бекназарова
Тогуз коргоол жеке оюну:
3-орун Нурай Аматова 
2-орун Орозгүл Кудайберди кызы
1-орун Жээнгүл Бекназарова
Шахмат боюнча:
4-орун Гуманитардык факультети
3-орун Математика жана компьютердик технологиялар факультети
2-орунду Табият таануу жана география факультети
1-орун Администрация
Мыкты оюнчу: Равшанбек Абсатаров