ОшМПУ: Колледжде “Жаз – 2026” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Жаз – 2026” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.

Иш-чара колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага бүтүрүүчү курстун студенттери катышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн чеберчилик менен тартылган сүрөттөрүн сунуштап, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Студенттердин эмгектери окутуучулар тарабынан бааланып, жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн сүрөттөргө уюштуруу тобу тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаранын негизги максаты студенттердин талантын өнүктүрүү жана искусствого болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.