ОшМПУ: Коңур үндүү Өзгөрүш Абакиров менен студенттердин жолугушуусу

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде көркөм окуунун чебери, коңур үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган Өзгөрүш Абакиров менен студенттердин жолугушуусу өткөрүлдү.

Мында ал жаш поэзия күйөрмандарына белгилүү акындардын ырларын көркөм окуп берип, катышуучуларды өзүнүн жандуу аткаруусу менен кубантты. Студенттер кызыккан суроолорун берип, кеңири жооп алышып, айрымдары өздөрү жазган ырларды Абакировдун аткаруусунда уккусу келерин суранышты.

Өз сөзүндө Өзгөрүш Абакиров поэзия окуганы, дегеле үнү менен кыргызча контент жасаганы, анын кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана башкы максаты экенин белгиледи. Ошондой эле ал эртең өтө турган поэзия кечесине студенттерди чакырып өттү. Белгилей кетсек, аталган саамалык окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Өзгөрүш Абакиров — кыргыз тилин жана кыргыз поэзиясын заманбап, элге жагымдуу формада жайылтып келе жаткан талант. 2017-жылдан бери радио тармагында, өзгөчө “Миң кыял” радиосунда эмгектенип келет. Соңку беш жыл аралыгында социалдык тармактарда атактуу акындардын элге кеңири таанымал ырларын музыканын коштоосунда көркөм окуп, активдүүлүгүн көрсөтүү менен өз окурмандарын топтоп келет.